25 март 2013, 10:33

Бардык Бакиевдер үчүн жооп берген Санжар

Бакиев бийлиги кулагандан кийин Убактылуу Өкмөт  7-апрель окуясынын аягына чыга албай, Бакиевдерди кармай албай, өздөрү качырып жиберишип, учурда соттун жыйынтыгын чыгара алышпай айлалары кетип жаткан мезгил. Камакта бир да адам калган жок.
Бардыгы үй камагына чыгарылды.

Маркум Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев 2010-жылы июнь коогалаңынан кийин, башаламандыкка катышкан деп айыпталып,  камакка алынып, он жылга соттолгон. Кечээ жакында Санжар Бакиев «Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата мунапысы» тууралуу мыйзамына ылайык, Санжар Бакиевдин жаза мөөнөтү  2013-жылдын 20-мартында аяктамак эле. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, Санжар Бакиевдин жаза мөөнөтү мунапыска илинбей калгандыгы боюнча, ошондой эле ал жаза мөөнөтүн толугу менен өтөөрү туурасында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан
билдиришти. 


Мындан улам, «Азамат экен. Бийлик Бакиевдерди кармап келе албай, Санжар аркылуу өч алып жатат» деген пикирлер жаралууда.  Чын эле бардык Бакиевдер үчүн Санжар  жооп берип жаткандыгы маалым. Себеби, анын колунда бийликке бере коюп качып кетчү жашылбайлары жок да. Ал эми Акматтын жашылбайларын алып качырып жиберишпеди беле. Мыйзам бардык жарандарга бирдей.

Ошол себептүү мунапыс да Бакиевби же Акаевби баарына бирдей каралышы керек. Чабак Бакиевден өч алгандын ордуна киттерин кармап келишсе боло. 7-апрель окуясына үч жыл толду. Алигиче сот процесси аягына чыга элек.

Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020