25 март 2013, 13:13

Ишимбай Чунуев, КРнын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору: "Кумтөр-кыргыз экономикасынын Пирамидасы"

- Ишимбай Карыбаевич, бүгүнкү күндөгү тоо кен тармактарынын абалы кандай?

- Баарыбызга белгилүү болгондой убагында Кыргызстан СССРдин кочегары аталып көмүр боюнча алдыңкы орунда турган. Тянь-Шань тоосунда Менделеевдин системасына кирген бардык кен байлыктар бар деп бекеринен айтылбаса керек. Учурда буйруса кен байлыктарыбыздын абалы жакшы. Мындан бир, эки жыл мурун абдан начарлап кеткен эле. Эки жылдан бери көмүрдүн баасы көтөрүлүп, кичине алдыга жылыш жасап келе жатабыз. Көмүр маселесин чечүү боюнча атайын «Кыргыз-Көмүр» деген аталыштагы мамлекеттик ишкана түзүлүп, азыр иштеп жатат. Мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче эл менен биргеликте иштегенге аракет кылып жатабыз. Учурда алдыбызга көмүрдөн газ чыгарсакпы деген максаттарды коюп жатабыз. Мисалы, Сүлүктү, Ак-Улак көмүр кендеринен мындай мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырсак болот. Биз атайын Баткен жергесинде социалдык тармактарга көмүрдүн баасын арзандатып беребиз. Бирок базарларда көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат, себеби Тажикстан аркылуу Афганистанга чейин экспорт катары сатылып кетүүдө. Учурда биз инвесторлор менен тыгыз иштешип жатабыз, өзүм дагы жер-жерлерди кыдырып өз көзүм менен көрүп келип жатам. Таласка, Аксайга, Баткенге, Чаткалга чейин барып келдим. Эл менен тыгыз иштешип, ачык айкындыкты орнотууну элге түшүндүрүүнүн үстүндө иш алып барып жатабыз.

- Демек инвесторлор менен коркпой иштеше берсек болот экен да?

- Ооба, коркмок турсун биз аларга иштөөгө шарт түзүп беришибиз керек. Кыргыз экономикасына инвестор аба менен суудай керек. Ири инвесторлор бизге келгенден коркушат. Себеби биринчиден - саясый туруктуулук жок. Экинчиден - алар коррупция гүлдөп өскөн жерде эч качан өздөрүнүн акчасы менен келип иш жүргүзүшпөйт. Буйруса «Жерүй», «Тоголок» кендеринин тагдыры чечилип калса жылыш башталат. Бул үчүн жеке биздин агенттик гана эмес, Экономика министрлиги, Экотехникалык коопсуздук агенттиги, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги менен биргеликте эле кен байлыкты иштетсек кыргыз экономикасынын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлмөк. Инвесторлор келсе эле биздин эл «кен байлыктарга тийбегиле, радиация бар» деп чыгышчу болду. Кен байлыктарды иштетүүгө берүүнүн алдында аукцион өткөргөнгө азыр эл даяр эмес экен. Биз ачык конкурс өткөрүп, жергиликтүү элдин ишеничтүү мүчөлөрүн катыштырып, бийликтегилерден да мүчө кылып эл менен биргеликте иш алып баралы деген ой менен иштеп атабыз. Атайын элге түшүнүктүү болсун деп буклеттерди чыгардык.

- Учурда Кумтөр боюнча курч маселе турат. Кумтөр компаниясы Кыргызстандын экономикасына кандай пайда алып келип жатат?

- Абдан чоң пайда алып келип жатат. Өзгөчө азыркы учурда экономикабыз артка кетип, кыйналып турган учурда «Кумтөр» сыяктуу мыкты компаниялардын жардамы бизге аябагандай эле керек. Кумтөрдү иштетип жаткан «Комеко» компаниясы Кыргызстанга келгенге чейин көп маселелерди билишкен эмес. Мисалы жолдордун абалын дегендей. Биринчи келгенде түшкөн пайданын 67% Кыргызстанга, 33% «Камеко» компаниясынын пайдасына чечилмек. Бирок дал ошолор иштетип жаткан учурда алтындын баасы абдан түшүп кетип көп чыгымдарга учуратып жиберген. Бул копманиянын иш аракети жүрбөй калды, чыгымдар көбөйүп кетти дегенди билдирет да. 2009-жылы келишим каралып жатканда 2042-жылга чейин иштейт жана баардык нерселерди компания өзү чечет деген чечим чыккан.

- Өзүңүз дагы «Кумтөр» компаниясында иштеп калбадыңызбы. Кумтөрдө кадр маселеси кандай?

- Кадр маселеси тууралуу бир кезде Аскар Акаев абай жакшы иш баштаган. Атайын балдарды Америкага чейин жиберип окутуп жаткан болчу. Бирок алардын көпчүлүгү кайра келбей калышты. Себеби биздин өлкө окутуп даярдаган кадрларына шарт түзүп бере албай калган. Мен атайын компаниянын иштери боюнча сын жазып жөнөткөм. Компаниянын жетекчилиги туура маселелерди көтөрүп жатат деп мени чакыртышканынан келип эле инженердик бөлүмгө олтуруп калдым. 2 айдын ичинде компьютерди үйрөнүп, атайын кадрларды даярдадым. Кумтөрдө кадр маселеси жакшы чечилген. Буйруса жаштарыбыз жакшы иштеп үйрөнүп, жогорку кызматтарга чейин жетип, чет мамлекеттерге чейин иштеп кетишүүдө. Мен компанияда иштеп жүргөндө атайын жаш студент балдарды үйрөтүп, окутуп даярдоочумун. 125тен ашык кадрларым бар. Билим берүү министрлиги менен сүйлөшүп окуп да, үйрөнүп да жетишишчү. Менимче биздин жаштарды мүмкүн болушунча окутуп жогорку кызматтарга көтөрүү керек да Пётр 1 дин ыкмасын колдонуш керек. Ал экономиканы көтөрүү үчүн жаштарды чет мамлекетке окутуу, иштетүү үчүн жөнөткөн. Жаштардын кыргыз элине кызмат кылуусуна шарт түзүп берүүбүз зарыл.

- Өзүбүздүн эле мыкты кадрларыбыз менен башкаруу системасын жүргүзүп, чоң-чоң компанияларды башкартса болбойбу?

- Албетте болот, неге болбосун? Жаш, билимдүү, акыл-эстүү, экономиканы ийне-жибине чейин билген кадрлар бизде көп. Буйруса Жерүй алтын кенинин маселесин чечип алсак, кыргыз балдарынын мыктыларынын бирин алып келип башына коёбуз деп ойлойм. Учурда инвесторлор биздин мамлекеттин абалынан чоочулап жатышат. Кытайлар гана келип өздөрүнүн сунуштарын айтууда. Алар өздөрүнүн алтын запасын топтогонго катуу киришип жатышпайбы. Биз ушундай учурдан пайдаланып атайын кичи ишканаларды куруп алсак, андан кийин чоң-чоң компанияларды ачууга аракет кыла баштайбыз. Илгери атайын үгүт поезди деген болчу эле. Чоңдор эл менен жеринен таанышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшчү. Биз дагы ошол ыкманы, адистердин катышуусу менен, колдонолу деген оюм бар. Ушундай жакшы иштердин аркасында гана жаштарды ишке тартып, мыкты кадрларды даярдай алабыз.

- Азыр көпчүлүк Кумтөрдү улутташтырсын же тескерсинче улутташтырбасын деген маселе менен баш оорутуп жатышат. Сиз улутташтырууга макулсузбу?

- Жок, каршымын. Кумтөр бул кыргыз экономикасынын пирамидасы. Биз ошол пирамиданы кулатып албашыбыз керек. Кумтөрдү улутташтыруунун өзү туура эмес. Эгерде болбой эле улутташтырабыз деп тура берсек, компания бизди Эл аралык сотко берет. Сот өзүнүнү системалары менен карап олтуруп арадан эки же үч ай убакыт өтөт. Бул учурда компаниянын иши токтоп кыргыз экономикасына оңбогондой зыян алып келет. Анын үстүнө Кыргызстан эч качан Эл аралык соттон ута албайт. Садыр Жапаров парламентте бул маселени козгоп улутташтырабыз дегенден бери Кумтөрдүн иши артка кетти. Киреше булагы бир жарым млрд доллардан 486 млнго түшүп кетти. Муну биз 3 эсе төмөндөп кетти деп эсептейбиз. Дагы артка кетүү алдында турат. Компаниянын ишин артка тартпай алдыга жүргүзүп, түшкөн кирешелерден мектеп, оорукана, жол, көпүрө же башка нерселерди салдырып социалдык жактан абалыбызды оңдошубуз зарыл.

- «Кумтөрдүн» аркасында сиздин дарекке да көп жаман-жакшы сөздөр айтылууда?

- Учурда кырдаал өтө эле татаал. Жаңыдан гана баардык кыйынчылыктардан суурулуп чыгып, демократиялуу жолго түштүк. Мени эмес, президентти деле сындап жатышпайбы. Маалымат согушу деген бар да. «Деньги и власть» гезитинде көп нерселер айтылыптыр. Мен аларга сөзүм менен эмес ишим менен жооп берем.

Булак:kyrgyztoday.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020