25 март 2013, 13:26

СИЗО зектердин университети болуп калды

Бу сапар "Бир күн” рубрикабыз Чүй областына караштуу Москва РИИБнүн тергөө оперативдик тобу менен бирге болду. Көп жылдык өмүрүн милицияга арнаган Бакыт Кашкарлыков РИИБнүн ичин компьютер, эмеректер менен жабдууга болгон аракетин жумшаган экен. Алгач, биздин журналисттерди күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери тозуп алып, начальниктин бөлмөсүнө жиберишти. Саат:8:30да  начальник  Бакыт Кашкарлыковдун бөлмөсүнө баш бактык.  

Бакыт  Кашкарлыков, Москва РИИБнүн башчысы милициянын полковниги: 

- Бакыт мырза, иш күн саат канчада башталат?

- Бүгүн ишемби күн, биз субботник кылмакпыз, жамгыр жаап жаткандыктан токтоп калдык.  Иш күнүбүз саат:9:00дө башталат. Мен болсо саат:7:30да эле келип алам. Учурда кварталды жаап, жанталашып иштеп жаткан учурубуз. Ачылбай калган кылмыштардын бетин ачканга болгон аракеттерибизди көрүп жатабыз.  Москва РИИБсүн жетектегениме июлда үч жыл толот.

- Байкашыбызча гезитти үзбөй окуйт окшойсуз?

- Кыргыз гезиттерине абдан кызыгам. Айыл жаңылыктарынан баштаган бардык саясий, укуктук гезиттерди окуйм. "Ачык саясатты” да үзбөй окуйм.

- Бакыт мырза, органдагы негизги көйгөйлөргө токтолуп өтсөңүз?

Биздин эң негизги көйгөйүбүздүн бири бул – күйүүчү майдын жетишсиздиги. ИИМдин, областтык  ИИБнин жыйындарына барганда да бул маселени айтып келебиз. Бизде 12  автоунаабыз болсо, ага  жылына 6 тонна күйүүчү май бөлүнөт. Бул маселени министрдин орун басары Курсан Асанов менен болгон жолугушууда да айттым. Кызматкерлерди оргтехника менен камсыздоону колубуздун келишинче өзүбүз камсыздап жатабыз.  Авто унааларды, компьютерлерди оңдогонго акча каражаты жетишпейт. Ошондой эле транспорт да жетишпейт. Кызматкерлер менчик унаалары менен иш жүргүзүшөт. Аларга биз күнүнө болбосо дагы бир жумада бир жолу 20литр күйүүчү май бөлүштүрүп турабыз. Эгерде биз алардын унааларын ремонттого жардам кылып койчок  бир топ эле стимул болмок да. Ошондой эле кээ бир кызматтар боюнча бизге кызматкерлер да жетишпейт.

- Мисалы кайсы багыттагы кадрлар жетишсиз?

 Бизде РИИБү боюнча  бир эле эксперт иштейт. Кадрлар толтура, бирок, штат жок. Бул боюнча айтып эле жатабыз, бирок тыянак чыкпай эле.  

Кыргыз тилине болгон мамиле

Башчынын бөлмөсүнө  орунбасарлары  кирип, алар менен биздин журналисттерди тааныштырып, "бүгүн "Ачык саясат” гезити менен бирге болосуздар, бети ачылган кылмыштар болсо бергиле” - деп  тапшырма берди. Ошондой эле Москва РИИБси мамлекеттик тилди кыргыз тилди өнүктүрүүгө болгон салымдары чоң экен. Бардык иш кагаздар кыргыз тилинде гана жүргүзүлөт. Арыздар кайсы тилде келсе ошол тилде тергөө иштери башталат. РИИБнүн кызматкерлери да кыргыз тилин так билишет, ошол себептүү алар иш алып барууда кыйынчылыктар  болбойт. Кызматкерлердин айтымында, кыргыз тилин баарыбыз сыйласак, мамлекеттик иш кагаздарын кыргызча алып барсак, ошондо гана  мамлекеттик тилге болгон сый-урмат сакталат.  Депутат Дастан Бекешовдун  кыргыз тили боюнча айткан пикирине  милиция кызматкерлери  кошула алышпайт.

Таңкы жыйналыш

Москва РИИБнүн кызматкерлери   башчылары менен бирдикте жыйналышты туура саат: 9:00дө башташты. Башчы  Бакыт Кашкарлыков  "Ачык саясаттын” журналисттери  менен жалпы кызматкерлерге тааныштырып, бир күндүк ишти чогуу алып барышаарын, тергөө оперативдик тобунун ишмердүүлүгү гезитке чагылдырылаары эскертилип өттү.  эскертип өттү.  Ошондой эле жыйында отурган кызматкерлердин бардыгына  кварталды жапканга аракет кылууларына багыттар берилип,  жетишпесе эс алуу күндөрүн да пайдалануулары керектиги эскертилди. Жыйын аяктаган соң, биз менен бирге иш алып баруучу тергөө  оперативдик тобу менен таанышып, иш күнүбүздү баштадык.  Кашкарлыков кызматкерлерди адамдарга  сылык  мамиле жасоого, чакырык болгондо өз убагында  кечикпей барууга чакырды. Ал эми биздин журналисттер  башчынын орунбасарлары менен пикир алышып, кандай маселелер жаралып жатканын, кандай көйгөйлөр бар экенин  сураштырып өттүк. 

Тимур Сатаров,  Москва РИИБнүн башчысынын орун басары, милициянын майору:

- Мен ушул Москва РИИБдө  11 жылдан бери иштеп келе жатам. Ийгиликтерге жетишүүү үчүн баштан көп нерселерди өткөрдүк, ошондой эле ийгиликтин  ар бир тепкичин  татыктуу басып келе жатам. Ушул жерден агарып-көгөрүп, келинчек алып, төрт балалуу болдум. Айтсак, нөөмөт бөлүмүнөн баштап,  ИВС (убактылуу кармоочу жай),  МАИ, ИДН, ППС кызматтарынын ишин алып баруу менин милдетим. Участкалык инспекторлор менен да иш алып барам. Учурда мектеп ичиндеги рекетчилик  күч алган.  Биз колубуздан келишинче  мектеп окуучуларынын жаман иштерден алыс болуусу   үчүн, ар кандай майрамдарга, иш-чараларга катышууга үндөйбүз. Милициянын кадырын, баркын көтөрөлү деп 21-март Нооруз майрамына карата атайын мектептер арасында  футбол уюштуруп берүүгө аракет кылабыз.  1-июнь – Балдарды коргоо күнү да көңүлдөн сырткары  калбайт. Мектеп директорлору да  балдардын  жасаган кылмыштарын жашырбастан ачык билдирип турса жакшы болоор эле. Бул туурасында директорлорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары бизде 10 ППС кызматкери бар. ППС  кызматынын иш алып баруусу  абдан жакшы. Себеби алар көчө тартибин жөнгө салышат. Адамдар да көчөдөн формачан адамдарды көрсө кадимкидей  сестенишет.  Ошондой эле бизде "биржа” бар. Беловодскиге коңшу райондордун  жашоочулары  келип "биржага” турушат. Арасында мектеп окуучулары көп. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүз менен "үйдө нан жок болсо иштейбиз да”   -  деп баштарын жерге салышат.  Ата-энелери менен келип иштешет.

- Нурлан Бегалиев, Москва РИИБнүн башчысынын өздүк курам боюнча орун басары, милициянын подполковниги:

- 1995-жылдан баштап  эмгек жолумду ушул эле Москва районунан баштагам. Буга чейин 1994-жылы түзөтүү колониясында иштегем. Мына ошол жылдан тартып, милицияда үзүрлүү эмгек жаратып келе жатам. 2010-жылы Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгына барып, кадрлар бөлүмүндө эмгектендим.  2011-жылдан бери Москва РИИБнүн башчысынын  өздүк курам боюнча орунбасары болуп иштеп келем. Кадрларды даярдоодо – тартип, кийип жүргөн формасынан бери  карайм. Бизге келип түшкөн маалыматтардын баарын карап чыгуу да менин милдетим.  Майрамдык иш-чараларды уюштуруу да мага жүктөлгөн. Иш кагаздарын  кыргыз тилинде жазуу эрежелери, Ички иштер органынын мыйзамы, профессионалдык этикасынан баштап, милициянын келген күнүнөн тарта жүрүм –туруму,  тартиби боюнча иш алып барам. Бизге жаш кадрлар келет. Ошолордун профессионалдык деңгээли  жакшы болбой жатат. Кимдин күнөөсү экенин мен так айта албайм, себеп дегенде  тарбия мектептен башталат эмеспи, ошол себептүү  окуу жайларда билим  берүү деңгээли  жакшы эмес деп эсептейм. Жаш кадрлардын көбүнүн билим деңгээли төмөн. Ага карабастан,  аларга мугалим болуп кайрадан сабак өтөм.  Багыт берем. Дээринде барлар бир-эки көрсөткөндө эле үйрөнүп кетишет. Өзүнүн ишке болгон  кызыкчылыгы жокторуна  миң жолу  айтсаң  да кулагына кирбейт.  Аларды ар биринин бөлүм башчыларына айтып, эскертебиз.  Мына ошентип, иштеги тартипти сактоого, профессионалдык деңгээлди көтөрүүгө тынымсыз аракеттерди жүргүзүп келе жатабыз. "Аракет кылсаң,  берекет болот” демекчи,  2012-жылдын жыйынтыгы менен биринчи орун алдык. Учурда мындай ийгиликке дагы жетели деп,  аракеттенип жатабыз. Сиздерге "Ачык саясат” гезитинин эмгек жамаатына чоң рахмат.  Милициянын жашоосун коомго чагылдырууну ар бир эле журналист  жасай бербейт. Сиздердин жазгандарыңыздардын жыйынтыгы менен биз да таанышып, кемчиликтерибиз болсо оңдоого аракет кылабыз.

- Уланбек Коноев,  Москва РИИБнүн башчысынын  оперативдик иштер боюнча орун басары, милициянын подполковниги:

- Өткөн жыл  биз үчүн жакшы жылдардан болду.  Областта биз биринчи орунду алдык. Учурда  кварталды жыйынтыктап жатабыз, пайыз менен караганда 75% болду. Азыркы учурда  ачыла элек  кылмыштар бардыгына бөлүнүп берилген. Тынымсыз иштеп жатышат. Учурда мал уурулук фактысы көп катталууда. Уурулук  фактысынын  70%  бетин ачтык, өтө оор кылмыштар боюнча дагы иштер жүрүп жатат.  Ачылган кылмыштарга тиешелүү адамдар Россияга качып кетип жатышат. Былтыр оор кылмышка катыштыгы бар адам Россияга качып кетип, ал жактын органына билдирүү  жөнөткөнбүз. Ноябрь айында  алынып келинди.  Учурда анын соту болуп жатат.  Дагы бирөө кармалып жолдо келе жатат. Чекарачылар менен да тыгыз байланышта иш алып барабыз. Ошондой эле кээ бир жарандар бар "мени сабады, урду тепкиледи” - деп  бизди айыпташат. Көпчүлүгү башында  кылган кылмыштарынын баарын мойнуна алат да, СИЗОго баргандан кийин эле юрист болуп чыга келишет. Ал жактан зектер баарын үйрөтүп, окутуп жиберишет да. СИЗО зектердин университети болуп калды. Негизинен бизде "пытка” деген нерсе жок. Прокуратура дайыма келип текшерип, кармалгандар менен бирден сүйлөшүп турат.

Жаңы гана башчы болуп, көптөгөн күткөн максаты орундалганына кубанып, болгон күч-аракети менен киришип иштеп жаткан Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Чаргыновдун кеңсесине  баш бактык.

Болот Чаргынов, Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны:

- Учурда 11 опер кызматкерине  башчы болуп иштеп жатам. Буга чейин Чүй областтык ИИББде мал уруулукка каршы опер кызматкери болуп иштегем. Бүгүнкү күндө Москва районунда негизги максаттарыбыздын бири кылмыш  бетин ачуу  болуп саналат.  Мурда катталган кылмыштарды ачышыбыз керек, болгон кылмыштардын бардыгын изи сууй электе ачканга аракет кылабыз. Буюрса балдар менен бирге ынтымактуу иш алып барып жатам.  Жыл башынан бери бүгүнкү күндө 39 кылмыштын бетин ачтык. Бизге атайын автоунаа бөлүнүп берилген. Оор кылмыштардан  ачылбай жаткан киши өлтүрүү фактылары бар. Алар боюнча да тергөө  амалдары иштелип  жатат.  Прокуратура эки күндүн биринде текшерип турат.  Кээ бир учурда  алар  биздин ишке тоскоолдуктарды жаратат. Кылмышкерлерге келип жолугуп, "силерди милициялар уруп сабаган жокпу?” – деп сурашат. Кайсы эле кылмышкер жасаган кылмышын мойнуна алсын... Кээ бири биз эч нерсе кылбасак деле "ооба урду, сабады” – деп башташат. Ушул жагынан  кылмыш бетин ачууда тоскоолдуктар жаралат. Биздин үй-бүлөдө милиция кызматкери жок.  Өзүмдүн  профессиям  өзүмө абдан жагат. Мени милициянын окуусуна окуткан ата-энеме абдан ыраазымын. Учурда болгон күчүм менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнө ишенип башчы кылган жетекчилердин ишенимин актап берүүгө аракет кылып жатам.

- РИИБнүн башчысы Бакыт Кашкарлыковдун бөлмөсүнөн чай үстүндө маектешип, полковниктин өткөн-кеткен иштерин, башынан өткөргөн окуяларын эскерип, ошону менен бирге милицияда болгон кемчиликтер, жетишкендиктер туурасында сөз кылдык. Бакыт мырзанын  опер болуп иштеп жүргөндө  өмүрү  бычактын мизинде болгон учурларын кайрадан көз алдыга эскерип өттүк.

Жол кырсыгы

Саат 11:00 чамасында 8  жашар баланы  "Мазда”  үлгүсүндөгү, мамлекеттик номери  В 0388 Т  автоунаасы  коюп   кеткендиги тууралуу Москва РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө  билдирүү  келип түштү.  Биздин журналисттер тергөө оперативдик  тобу менен биргеликте  окуя болгон жерге багыт алдык.  Окуя Москва районунун Стретенка  айылындагы Центральная  көчөсүндө болгон.  Сегиз жашар  Абдысатар   эжесинин үйүнө маршрутка менен келе жаткан.  Анан маршруткадан түшүп,  "Мазда”  автоунаасынын бет маңдайынан чуркап чыгып кырсыкка кабылган.  Ал эми  машиненин айдоочусу Генадий Романцовдун айтымында, Спартак айылынан аялы жана кызы болуп келе жатышкан.  "Жолдун абалы  жаман  болгондуктан жай эле, 40 чакырым ылдамдыкта  келе жаткам”  дейт. Маршрутка  токтоп калганда мен ашып өтүп бара жаткам. Анан эле машинеме бирөө келип урулду.  Дароо уулумду чакырдым, ал келип милицияга билдирди.  Бала ордунан туруп, качып жөнөдү. Артынан кууп жетип, алып келдим.

Бактыгүл, Абдысатардын апасы:

- Айылда  жамандык болуп, биз ошол жакта жүргөнбүз. Үйдө кызым менен күйөө балам бар болчу. Балам эжесинин үйүнө барам дегенинен  кызым маршруткага салып жибериптир. Анан мындай окуя болуп жатпайбы. Өзүм көргөн жокмун. Бирок,  машиненин  коюп кеткенин көргөндөр айтып жатышат. Бутун тебелеп кетиптир. Көчөгө чыкпа деп эле урушабыз. Бала экен да болбойт.

Абдысатар,  жабырлануучу;

- (Ыйлап).  Мен үйдөн сары маршуткага отуруп, эжемдин үйүнө келе жаткам. Эжемди сагынып көрүп кетейин деп келгем. Машинени көргөн эмесмин.  Чуркап бараткам. Башым анан бутум ооруп  жатат.

Москва РИИБнүн тергөө оперативдик тобу  болгон фактыны китепчелерине каттап, МАИ кызматкери тиешелүү  иштерин жүргүзүп, протокол толтурду. Автоунаа унаа токтотуучу жайга  жеткирилди. Жабырлануучу өспүрүмдү ооруканага алып кетишти. Ал ортодо жолдо эки машине сүзүшүп, дагы  бир кырсык катталды. Чакыруулардын баарына тергөө тобу өз учурунда жетип барып жатышты. Кечки саат:18:00гө чейин район тынч болду. Эч кандай чакыруулар болгон жок. Кылмыш иштери катталган жок. Аба ырайы бузулуп, суук түшүп кеткендиктен журналисттер кайтууга аргасыз болдук. Тергөө оперативдик тобу менен коштошуп, түндүн тынч болушун тилеп, жолго чыктык.


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020