26 март 2013, 09:37

Депутат Дамира Ниязалиева өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди саткандарга айып көлөмүн жогорулатууну сунуштоодо

Бүгүн, ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева жашы жете электерге алкоголдук ичимдиктерди саткандарга каралган айыптын көлөмүн жогорулатууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткан сатуучулар 5 миң сомдон кем эмес айып төлөшү керек.  

«Бул каралган айыптын эң төмөнкү чеги. Чет мамлекеттерде 2 миң долларды түзөт», - деди ал.

Ошондой эле депутат, спирт ичимдиктерин сатууда жаштардын гана документтери текшерилиши керек экендигин кошумчалап өттү.

«Эгерде сатуучу күмөн санаса, сөзсүз документтерин текшериши керек. Маселен, 16-20дагы балдардын жашын айырмалап билүү кыйынга турат. Ал эми 40-50 жаштагы адамдардын документин текшербей эле койсок туура болот», - деди Ниязалиева


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020