26 март 2013, 12:22

«Ата-Журт» лидерлерине өкүм чыгарылган күнү оппозиция Жалал-Абадда кезектеги митингин өткөрөт - акыйкатчы

«Ата-Журт» лидерлерине өкүм чыгарылган күнү оппозиция Жалал-Абадда кезектеги митингин өткөрөт. Бул тууралуу КР акыйкатчысы Туосунбек Акун шейшемби күнү КирТАГдагы маалымат жыйынында билдирди.

«Курултайдын ЖК депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровду актап жана абактан бошотуу талабы боюнча анын катышуучулары сот чечимин күтүүнү чечишти. Мурда маалымдалгандай эле сот 29-мартта чечим чыгарат. Бул күнү Жалал-Абадда ошондой эле талаптар менен митинг өткөрүлөт», - деп билдирди Т. Акун.

Эске сала кетсек, 24-мартта «Эл үнү» оппозициялык кыймылы Жалал-Абадда республикалык курултай өткөрүшүп, ага болжол менен 7 миңден 15 миңге чейин адам катышкан.


Источник: kyrtag.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020