26 март 2013, 13:42

Чүй облусунда судьянын жардамчысы 4 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунда судьянын жардамчысы 4 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР ИИМ маалымдады.

«КР ИИМ мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракет боюнча башкармалыктын (МКМКБ) кызматкерлери пара алууга шектүү, судьянын жардамчысын кармашкан», - деп айтылат билдирүүдө.

23-мартта КР ИИМ МКМКБга Чүй облусунун тургуну кайрылып, Чүй облусунун Сокулук районунун судьясынын жардамчысы андан административдик иш боюнча айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратпоо жана айдоочулук күбөлүгүн кайтырып берүү үчүн 40 миң сом пара талап кылгандыгын айткан.

25-мартта ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө шектүү милиция кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Бул факт боюнча КР КК 313-беренеси боюнча (пара алуу) кылмыш иши козголгон.


булак: kyrtag.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020