27 март 2013, 07:27

Текебаев ажо Атамбаевди "шантаж" кылуудабы?

Текебаев ажо Атамбаевди "шантаж" кылуудабы? "Урматтуу" Текебаев бийликтин алсырап баратканын ичтен сезип, тымызын оюндарды баштаган кербези.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал коалиция­дан чыгуу шылтоосу менен ажо Атамбаевди чочулатканы, анын натыйжасы менен спикерлик тактыга ашыкканы жалганбы?
Эгерде Өмүрбек Чиркешовичтин фракциясы коалициядан ойт берип кетсе, КСДП оппозицияда калып калышы ажеп эмес. Мындай саясый жүрүштөрдү калчаган Өмүкең шерденүү менен Атамбаевди "шантаж" кылып жаткан жокпу? Жөнөкөй гана логика: эгерде Текебаев спикер болсо, "Ата Мекен" партиясы тамырын терең жайып, күчтөнүү жолуна түшөрү анык. Агер ушул эле жолдо кете берсе, фракция лидери болуп отурса, анда кийинки парламенттик шайлоого жарабай калышары, алсызданышы турулуу иш. Кызык, Текебаев эски режим тушунда көчөдө калбады беле? Ошол жашоосуна кайтпас үчүн жаналы калгыча күрөшөт да. "Байдын үйүнө конокко киргенди" ким эле каалабасын?


Булак:kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020