27 март 2013, 07:33

Жылдызкан Жолдошова менен Асия Сасыкбаева кайым айтыша кетти

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстандын туруктуу өнүгүүгө өтүүсү боюнча планын жана беш жылдык программасын иштеп чыгуу маселесин макулдашуу боюнча Улуттук кеңешменин жүрүшүндө "атамекенчи” Асия Сасыкбаев менен "атажуртчу” Жылдызкан Жолдошова кайым айтыша кетишти.

Жыйында Жолдошова экономика министри Темир Сариевден ал башкарган мекеме аймактарда жаңы ишканаларды ачуу боюнча кандай иштерди жасап жатканын сурады.

Ал эми Сасыкбаева кесиптешин өнүгүү стратегиясынын тегерегинде гана суроо берүүгө чакырды. "Бул жер депутаттардын пленардык жыйыны эмес. Бул жерде өнүгүү стратегиясы талкууланып жатат”, - деди Сасыкбаева.

Ага Жолдошова: "Урматтуу Сасыкбаева, бул сиздин "интербилимчилердин” же НПОчулардын жыйыны эмес. Биз өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Дагы бир жолу кайталап коёюн бул жыйын "Интербилимдики” эмес”, - деп жооп берди.

Ал арада сөзгө Эркин Алымбеков аралышты. "Биз бүгүн өкмөттүн отчетун карап жаткан жокпуз. Азыр биз Сариевдин кандай иштеп жатканына баа бере турган учур эмес. Бул үчүн парламентте коалициялык көпчүлүк бар, ошолор өздөрү баа беришет”, - деди Алымбеков.

Жолдошова депутаттарды Сариевге адвокат болбоого чакырды.


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020