27 март 2013, 07:54

“Кыргызалтын” АККсы мамлекетке 2,8 миллион сомдук зыян алып келген

УКМК "Кыргызалтын” АККнын атайын жабдыктарды сатып алууда 2,8 миллион сом зыян алып келгендиги үчүн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилүү болгондой, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы "Кыргызалтын” АККсы 2011-жылы тендер аркылуу атайын каражаттарды өз баасынан жогору баада сатып алгандыгын аныктаган. Келтирилген зыян 2,8 миллион сомду түзөт.

Атайын каражаттар сатып алынгандан кийин бир нече жолу бузулуп, оңдоого кеткен каражат 300 миң сомдон ашып кеткен.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Булак:kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020