27 март 2013, 08:32

Биздин спикер антисемитпи?

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Асылбек Жээнбеков, Нарынга барып алып, бир айылдын клубунда шайлоочуларга айтып жатат: "2010-жылы 7-апрелде Нарындын 27 азаматы эл аралык шылуундарга, еврейлерге каршы күрөшкө чыгып, баатырларча каза болушту" деп. Сүйлөйт десе эле күпүлдөп сүйлөй берген спикерибиздин деле интеллектуалдык дарамети өтө эле чектелүү экен. Антпей эле, Нарындын азаматтары канкор Бакиевдерге каршы чыгышканын элдин баары билет. Анан мындай антисемиттик сөздөрдү Нурлан Мотуев айтса жараша берет эле, кудай уруп парламенттик өлкөдөгү парламенттин спикери, өлкөдөгү 2-киши ушундай деңгээлде сүйлөсө уялат экенсиң. Же Нарын жердин түбүндө, эч ким укпайт деп тантырай берсе болобу? Азыркы бийликке кандай деңгээлдеги кишилер чогулган? Бул сөздөр акыры эл аралык коомчулукка деле жетип, бир күнү уят болорубуз анык. Эй, эл башчылары, ойноп сүйлөсөңөр да, ойлоп сүйлөгүлөчү...

Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020