28 март 2013, 10:24

“Бийлик да катачылыктарды кетирип жатат”


"Бийлик дагы катачылыктарды кетирип жатат, аны моюнга алышыбыз керек”, - деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, Жалал-Абад шаарынын активи менен болгон жолугушуу учурунда.

Анын айтымында, коомчулук, бийликти сындап отура бербей, өздөрү дагы аракет кылышы керек.

"Саясатчылар өздөрүнүн саясатын жасай беришсин. Бирок баарыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз зарыл, өлкөнүн келечеги бир эле мага керек эмес да”, - деди Атамбаев.

Эске сала кетсек, бүгүн президент бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.




Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020