28 март 2013, 12:19

Депутаттар эмоцияга алдырган күндөрү курал колдонуп ийбейт деп эч ким кепилдик бере албайт, - Т.Зулпукаров

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Учур» гезитинин 28-мартта чыккан санына берген маегинде билдиргендей, депутат болобу, жөнөкөй жаран болобу, мыйзамдуу түрдө курал менен парламенттин имаратына кирбеши керек.

Депутаттар өз ара чырдашкан, эмоцияга алдырган күндөр болот. Ошондой учурларда «алардын бирөөсү куралын колдонуп ийбейт» деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок, бул мыйзам долбоору кабыл алынган күндө деле ал канчалык деңгээлде иштеп кетери күмөн. Себеп, дегенде депутаттын статусу жөнүндө мыйзам бар. Ага ылайык, депутат кол тйигис, эч ким аны текшерүүгө укугу жок.

«Биздеги маалымат боюнча 58 депутаттын колунда 144 даана курал бар экен. Анда, калган 62 депутаттын укугу тебеленип калып атат. Алардын куралы жок, бирок текшерүүдөн өтүүгө туура келет. Бирок, көтөрүлгөн маселе негизи туура. Корголгон объектинин ичинде курал көтөрүп жүрүүнүн эч зарылчылыгы жок деп эсептейм. Жеке менин өзүмдүн куралым жок. Кудай сактасын, менде душман деле жок», - дейт ал.


  
    Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020