28 март 2013, 12:23

А.Атамбаев: Биз сотту сыйлашыбыз керек жана 3-октябрдагы иш боюнча анын чечимин күтүүбүз зарыл

Бүгүн, 27-мартта президент Алмазбек Атамбаев Укук коргоочулар кеңешинин билдирүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда 3-октябрь иши боюнча, алардын көз карашында, тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерге тынчсыздануу билдирилген.

Президент Алмазбек Атамбаев кызуу талкуу жараткан иштерге карата коомчулуктун бардык билдирүүлөрүн жана кайрылууларын кунт коюп карап чыгат жана мамлекеттик органдардан мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын бекем сактоону талап кылат.

«Биз сотту жана мыйзамды сыйлообуз керек. Сабырдуулук кылып, соттун чечимин күтүүбүз зарыл. Ал 3-октябрдагы окуялардын бардык жагдайларын эске алуусу, анда катышкандардын иш-аракеттерине жана жүргүзүлгөн тергөөнүн сапатына баа берүүсү абзел. Эгерде сот тергөөнүн жүрүшүнөн бузууларды тапса, анда тийешелүү кызмат адамдары жазаланат», - деп белгиледи президент.




  Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020