29 март 2013, 07:39

Атажуртчу депутаттардын тагдыры бүгүн чечилет

Бүгүн, 29- мартта Биринчи Май райсотунда атажуртчу депутаттарга карата акыркы чечим чыгарылат.  Бул тууралуу адвокат Искендер Журабаев kyrgyztodayге билдирди.

Эске сала кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында "Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Кийин алар бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул иш боюнча сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 10-январынан бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Ал эми 14-март күнү, "атажуртчу" депутаттардын иши боюнча сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон аларга  9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.

Айыптоочунун айтымында, депутаттар бузган мыйзам Кылмыш кодексинин оор беренесине жатат.

Кошумчалай кетсек, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга, Кубат Кожоналиевди 8 жылга,  ал эми жан сакчыларын 3 жылга эркинен ажыратууну суранган.

  

 " Кыргызстан бүгүн"

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020