29 март 2013, 16:02

Депутаттарды сот залына алып киришти

Депутаттарды сот залына алып киришти "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, азырынча судья Адыл Субанкулов сот залына кире элек. Сот залында ушул тапта акыйкатчы Турсунбек Акун, депутат Бөдөш Мамырова бар. Митингчилер сыртта кыйкырып жатышат. Айрым жактоочулар "маалыматты туура эмес таркатып жатат" деп Коомдук каналдын журналисттерин сынга алышты. Азыр акыйкатчы Турсунбек Акун маалыматтарды ким туура эмес бергенин телефон аркылуу териштирип жатат.

Бүгүн камалган депутаттарга өкүм чыгаары күтүлүп жатат. Сот жараяны эртең мененки саат ондо башталган. Азыр сот имаратынын алдында камактагы депутаттардын үч жүздөй тарапкери турганы кабарланууда. Милиция күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту көзөмөлдөөдө
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020