29 март 2013, 17:11

Ж. Жолдошова: “Судья Адыл Субанкулов “атажуртчу” депутаттарга мыйзамдуу чечим чыгаруу менен өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калат”

"Судья Адыл Субанкулов "атажуртчу” депутаттарга мыйзамдуу чечим чыгаруу менен, биринчиден, өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калат. Экинчиден, Ак үйдөн отуруп алып заказ берүүнү токтотот. Ошондой эле соттун көз карандысыз экендигин далилдейт". Мындай пикирин бүгүн, 29-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бүгүнкү өткөн сот процесси мыйзам чегинде болду.

"Сот процесси өтө жогорку деңгээлде болбосо дагы, аны мыйзам чегинде өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок, сотко дагы оор болду. Себеби, Кыргызстанда биринчи жолу 295-берене менен парламенттин "Ата Журт” фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары вице-спикер Талант Мамытовду, ошондой эле лидер Садыр Жапаровду мыйзамсыз айыптоочу Башкы прокуратура тарабынан адилетсиз, бузулган айыптоо менен биринчи жолу сот процесси болуп жатат. Сот учурунда айыптоочулардын, ошондой эле жактоочулардын дагы ойлору угулду”, - дейт депутат.

Ошондой эле Жылдызкан Жолдошова бул сот иштери саясий заказ экендигин белгиледи.

"Сот процесси мыйзам чегинде өткөнү менен, бул, тилекке каршы, саясий заказ. Себеби, 295-берене, бул куралдуу күч менен бийликти жок дегенде 5-6 саат басып алганда гана коюлат. Ал эми бул иште мындай көрүнүш болгон жок да. Ошон үчүн бул саясий заказ болбосо, мыйзам чегинде сот эркиндигин, көз карандысыздыгын так белгилеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алынып, депутаттар бошотулушу керек. Бизде буга чейинки эки төңкөрүш тең мыйзамсыздыктын негизинде болгон. Ошондуктан, судья Адыл Субанкулов мыйзамдуу чечим кабыл алуу менен, биринчиден, өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калат. Экинчиден, Ак үйдөн отуруп алып заказ берүүнү токтотот.  Ошондой эле соттун көз карандысыз экендигин далилдейт”, - дейт Жылдызкан Жолдошова. 
KyrgyzТoday.kg


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020