1 апрель 2013, 16:08

Быйыл ажылык сапардын баасы 1500 АКШ доллары болуп бекилди

Бүгүн 1-апрелде Муфтиятта Ажылык-2013 сапарында зыяратчыларды ыйык жерлерге алып барып келчү учак компанияларын тандоо тендери болуп өттү. Аталган тендерге жалгыз "Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясы гана катышып, жыйынтыгында 2013-жылы Кыргызстандан ажылыкка бара турган зыяратчыларды ташуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Тендерге Азрети муфтий, ажылык-умра бөлүмүнүн кызматкерлери, Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация Агенттигинин (ЖАА), Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү болуп жалпы  6 адам катышты. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү белгилүү себептерден улам келген жок.

Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстандагы учак компанияларга берилген 15 талап 7-мартта жөнөткөн. Бир гана "Кыргыз Транс Авиа”  катышууга арыз тапшырган, калган компаниялардын эмнеге катышпаганы белгисиз.

"Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясынын аткаруучу директору Окенов Таалай комиссияны кызыктырган суроолорго жооп берип, компаниясынын быйылкы жылдагы артыкчылыктарына да токтолуп, кеңири түшүндүрмө берди. "Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясынын зыяратчыларды быйыл Кыргызстандан Саудияга жеткирүү жана кайра алып келүүнүн баасы 1500 АКШ доллары болуп бекилди. Жыйынтыгында  6 киши катышкан тендердик комиссиянын 5 адамынын макулдугу жана биринин калыстык добушу менен 2013-жылкы Ажылык сапарынын 4500 (төрт миң беш жүз) зыяратчылардын бардыгын "Кыргыз Транс Авиа”  учаккомпаниясы ташымакчы болду.

"Кыргыз Транс Авиа” авиакомпаниясынын ажыларды ташуу тажрыйбасы 2009-жылдан бери бар. Кыргызстан-Саудия арасында түз рейс кылган ушул гана авиакомпания болгон. Быйыл Жиддага да, Мадинага дагы конгонго келишим түзүлгөн. КТАнын Боинг 747, аэробустары бар болуп  4 учакка келишим бар. Экөө учат, экөө страховкада турат. А-310 учактары. 196 орундук учактар.
KYRGYZTODAY.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020