5 апреля 2013, 18:27

Акматбек Келдибеков: “Бийлик бети ачылып калышынан коркуп Кадыржан Батыровду алып келе албай жатат”

Акматбек Келдибеков: “Бийлик бети ачылып калышынан коркуп Кадыржан Батыровду алып келе албай жатат” Бийликтеги кээ бир саясатчылар өздөрүнүн абийири ачылып калышынан коркуп Ош окуясына күнөөкөр Кадыржан Батыровду алып келе албай отурат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги "Ата Журт” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Акматбек Келдибеков билдирди.

"Бийликте Кадыржан Батыровду издесек, бетибиз ачылып калат деп корккондор бар. Ал алыс жакта отуруп алып, сөөмөйүн кезеп интервью берип жатат, "мага тийсеңер, чындыкты айтып салам” деп. "Ташиевди туура камадыңар" деп комментарий берип жатат. Кана ким аны издеди? Эч ким издеген жок. Болбогон иштерди козгоп, адамдарды камакка алгандан көрө, мына ошолорду кармап келбейсиңерби”, - деди Келдибеков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө кайрылып. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
kabarlar
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter