8 апреля 2013, 07:57

2010- жылдын апрель окуясында КТРК 10 миллион сомдук зыян тарткан

КТРКнын башкы жетекчиси  Кубат Оторбаевдин берген маалыматына ылайык, 2010- жылдын 7- апрель окуясында КТРК 10 миллион сомдук зыян тартып, чыгымга учураган.

Анын айтымында, 7-апрель күнү жаш жигиттер курамына топтолгон тобу коомдук телерадионун имаратына эшик- терезелерди талкалап кирип, камераларды уурдап жана көптөгөн техникаларды талкалап кетишкен.

«8-апрель күнү чыккан чечимге ылайык, коммиссия түзүлүп, келтирилген чыгымдарды эсептей келгенде  ал 10 миллион сомду түзгөн. Бул факты боюнча Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганбыз. Тергөө иштери жүрдү, бирок эч ким кармалып, жоопко тартылган жок. Бардык талкаланган, уурдалган нерселерди кайра КТРКнын ички резервдик фондунун эсебинен калыбына келтирдик» - деди Оторбаев.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020