8 апреля 2013, 09:21

Парламент депутаты автомектептерде окубагандарга айдоочулук күбөлүк берүүгө тыюу салууну сунуш кылды

Бул боюнча «24.kg» агенттигине депутат Дастан Бекешов билдирди.

Айтымында, 2012-жылы автомектепти бүтүрбөстөн айдоочулук күбөлүгүн расмий маалымат боюнча 8 миң 513 адам, ал эми расмий эмес маалымат боюнча 32 миң адам алган.

«Советтер Союзунан бери айдоочулук күбөлүкти жөн гана сатып алса болот. Бирок ал кезде жемкорлук азыркыдай күч алган эмес. Мурун күбөлүктү жол күзөт кызматы берсе, азыр мамлекеттик каттоо кызматы берет. Кайсы бир район жетекчисинин атына арыз жазып, окубастан жөн гана тест берип, күбөлүк сатып алса болот. Бирок иш жүзүндө аларга акчасын төлөп, даяр күбөлүк сатып алса болот. Ошондуктан мен премьер-министрге кайрылып, бул жобону алып салууну сунуш кылам. Бул жобо 1999-жылдан бери иштеп атат, анда карама-каршылыктар абдан көп. Өкмөт бул демилгеге кулак төшөйт деп үмүттөнөм».

Дастан Бекешов маалымдагандай: Кыргызстанда 204 автомектеп бар, бирок булардын үчөө гана тийешелүү талаптарга жооп берет. «Мектептин өз базасы, машинелер, методикасы болуш керек. А бизде көбү Билим берүү министрлигинен лицензия сатып алып иштеп атат. Ал лицензиялар кандай жол менен алынганын баарыбыз жакшы билебиз», - деди депутат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter