8 апрель 2013, 09:34

Роза Отунбаева апрель окуялары боюнча сотто көрсөтмө берүүгө даяр

Убактылуу өкмөттүн мурунку төрайымы Роза Отунбаева мурунку президент Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып ийгени тууралуу апрель окуялары боюнча сотто көрсөтмө берүүгө даяр. Бул боюнча ал «24.kg» МАга өзү билдирди.

«Мындай чечимди өзүм кабыл алгам, ал убакта мезгил кандай болгонун баары эстей алат» – деп кошумчалады ал.

Айтымында, мындай чечим ошол күндөрдөгү саясый кырдаалдан улам кабыл алынган.

«Бүгүнкү күнү жердешчилик элдин мээсине бекем орноп калган, ошол күндөрү анын таасири өзгөчө билинип турду. Ансыз да курч абалды күчөтпөш үчүн, ушундай чечим кабыл алынган», – деди Роза Отунбаева.

Убактылуу өкмөттүн мурунку төрайымы эгер андан талап кылышса, сотко деле барарын айтты: «Мен сотко келип, кайсы маселе же факт болбосун, мага тийиштүү нерселер боюнча көрсөтмө бере алам»

Эске алсак, бул тууралуу Отунбаева бүгүн Аксы окуясы, 2005-жылдын марты жана 2010-жылдын апрель окуялары боюнча илимий-практикалык конференцияда ачык айткан.

Роза Отунбаева ошол убактагы УӨдөгү эч ким өзүнө мындай саясый жоопкерчиликти алган эмес дейт.

Белгилей кетчү жагдай, Бишкекте үчүнчү жыл катары менен апрель окуялары боюнча сот өтүп, бейпил демонстранттарга ок чыгарган деп УККтун «Альфа» бөлүмү жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө айып коюлууда. Буга чейин Бакиевдер тушунда жогорку кызматта иштеген мурунку аткаминер Элмурза Сатыбалдиев катышкан соттук отурумда Роза Отунбаева аларга карата адам өлтүрүү бренеси боюнча айып коюлсун дегени белгилүү. Ал эми кылмыш иштин материалдарына сотко төрагалык кылган судья Сатыбалдиев берген документтерди тиркеген. Ал документтер УӨнүн жашыруун жыйынын тастыктайт. Эмдигиче бул жыйындын катышуучуларынын бири да Элмурза Сатыбалдиевдин айткандарын четке кага элек. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020