8 апрель 2013, 10:46

Сотто апрель окуялары боюнча жабырлануучуларды суракка алуу уланууда

Бүгүн жабырлануучу Баратбек Батырбеков өз көрсөтмөлөрүн бере баштады.

Айтымында, ал 2010-жылы 7-апрелде жарадар болгон. Бирок ооруканага эки күндөн кийин гана кайрылган.

Батырбеков 7-апрель күнү аянтка (Ала-Тоо) 19.00дөр чамасында келгенин айтты.

«Биз Раззаков тарабынан келип, кан, жарадар болгондорду көрдүк. Акүй чатырынан 2 караан көрдүм. БТРди көздөй Панфилов көчөсүнө өтөлү десек, 15-20 метрдей жетип калганыбызда добуш чыгаруучу шашкаларды жардырышты. Качып жөнөдүк. Мени бирөө моюнга соккондой болду. Жылуу боло түштү. Ары чуркап барып, мойнуман кан агып атканын көрдүм», – деди Баратбек Батырбеков.

Ал жараат алгандан кийин эле үйүнө кетип калганын айтты. «Эртеси аянтка келип, 9унда темир жол клиникасына кайрылдым. Жараатым анча коркунучтуу болбогондуктан, таңып беришти. Бирок кийин ооруканага кайрылганга туура келди», – деди.

Ал ошондой эле компенсация ирээтенинде 50 миң сом алганын айтты.

Жабырлануучу митингчилер арасынан куралчандарды көргөнүн билдирди. «Акүйдөн кош атуу жана бирлен аткылоо да болуп турду», – дейт Баратбек Батырбеков.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020