8 апреля 2013, 11:15

Камчы Көлбаевдин иши сотко өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,  өткөн аптада Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алып келинип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.





    
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter