8 апреля 2013, 11:46

Орусия ТИМи Кыргызстандан РФ аймагына кирүүгө тыюу салган кыргыз жарандары тууралуу туруктуу маалымат алууга көмөктөшүүнү суранды

Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусия элчилиги билдирди.

Орусия ТИМсинин Консулдук департаментинин директору Андрей Карлов менен кыргыз ТИМинин консулдук кызмат департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Эркин Асангулов жолугушту.

«Жолугушуу маалында: тараптар Кыргызстан менен Орусия ортосундагы консулдук жааттагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алалы, Орусия аймагында Кыргызстандын консулдук өкүлдүгүн кеңейтүү (Орусиядагы кыргыз элчилигинин кеңсесин ачуу, Орусия аймактарында кыргыз элчилигинин ыйгарымдуу консулдарын дайындоо). Ошондой эле Орусиянын ТИМи Кыргызстандан РФ аймагына кирүүгө тыюу салган кыргыз жарандары тууралуу туруктуу маалымат алып турууга көмөктөшүүнү суранды», – дейт Орусия элчилиги.

Тараптар 2013-жылы ТИМ аралык консултацияларды Москвада уюштуруу тууралуу макулдашышты. Кыргыз жаш дипломаттарын Москвадагы орус ТИМинде тажрыйбадан өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралды.

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter