8 апрель 2013, 11:51

Орус драма театрынын жамаатына жаңы директорду тааныштырып атканда чыр чыкты

Бул боюнча «24.kg» агенттигине актриса Галина Кетова билдирди.

Айтымында, театр жамаатынын жалпы жыйынында маданият министринин орунбасары Кожогелди Кулуев жаңы директор Александр Кулинский менен тааныштырып атканда, театрдын мурдагы директору Борис Воробьев, бир нече ижарачы жана бейтааныш адамдар келди. «Театрдын коопсуздук кызматы жетекчиси менен ижарачылар мурдагы директорду негизсиз кызматынан кетиришти, ал эми жаңы директор театрга эч кандай тийешеси жок, өзү билбеген мекемени ал кантип жетектейт деп нааразы боло баштады. Ал эми Воробьев өз жактоочуларын колдоп, жыйынга терс баа берип отурду», - деди Галина Кетова.

Ошондо Александр Кулинский кийлигишип, Воробьевду өз бөлмөсүнө чакырып, талаш-тартыштуу маселелерди ошол жерден чечип алууну сунуш кылды. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020