8 апреля 2013, 14:19

«Курманжан датка» тасмасын тартып бүтүүгө дагы 20 миллион сом талап кылынат

Бул боюнча бюджет жана каржы комитет жыйынында маалым болду.

Режиссер Садык Шер Нияздын айтымында, тасма идеологиялык планда, өсүп келаткан муунду тарбиялоо үчүн керек. «Идеологиялык баалуулуктарды сактап калгыбыз келсе, акча аябайлы. Тасма жакшы тартылса, ал эл аралык кинофестивалдарына катышат. Азыр Каржы министрлигинен жооп күтүп атабыз. Бул тасма кеткен чыгымдардын ордун толуктап берет», - деди комитет төрагасы Ахматбек Келдибеков.

Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, алар тасмага кошумча каражат бөлүп берүүгө даяр, бирок алгач бюджетке өзгөртүү киргизүү керек. Ал эми Садык Шер Нияздын айтымында, жакшы тасма тартуу үчүн 20 миллиондун үстүнө дагы 10 миллион сом талап кылынат. «Бирок бул каражатты кайтарып беребиз деп кепилдик бералбайм. Кыргызстанда тасма болгону 15 пайыз киреше алып келет. Бул Кыргызстандын тарыхын баяндаган тасма. Дагы бир жолу кайталайм, толук кандуу тарыхый тасма тартуу үчүн бир топ каражат талап кылынат. Буга чейин бөлүнгөн 40 миллион сомдун 6 миллиону аппараттарга жумшалды», - деди Садык Шер Нияз.

Эскертсек, 2011-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен тасмага кошумча 20 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы жонунан тасманын 1 саат 50 мүнөтү тартылып, 32 миллион сом сарпталды. Тасманы аягына чыгаруу үчүн калган 8 миллион сом жетишсиздик кылат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter