9 апреля 2013, 07:42

Германияда Путинге каршы акция өттү

Германияда Путинге каршы акция өттү"Фемен” тобунун мүчөлөрү - жарым-жартылай жылаңач кыздар Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдына чыгып, "диктатор” деп кыйкырышты. Бул окуя Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Ганновердеги соода жарманкесине катышып жаткан кезде болду. 

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков феминисттик уюмдун аракеттерин "бейбаштык” деп сыпаттап, "аларды бирөө жазалашы керек” деп кошумчалады.

Жекшемби күнү Путин Ганноверге учуп келгенде да көчөдө пикеттер өттү.
Ал эми жарманкенин ачылышында сүйлөгөн Меркел Орусияны жарандык коомго мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Учурда Орусияда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдар массалык түрдө Башкы прокуратура жана салык инспекциясы тарабынан текшерилүүдө.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter