9 апреля 2013, 08:04

Эрдогандын Стамбулдагы жыйында айткан сөздөрү

Эрдогандын Стамбулдагы жыйында айткан сөздөрүПремьер-министр Режеп Таййип Эрдоган «Дүйнөдө ушунчалык чоң өсүү стратегиясы ээ болуп тургандыктан, бир өлкөнүн өнүгүүсү тилекке каршы башка бир өлкөнүн жакырлашуусуна негизделүүдө»,-деди жана бүткүл адамзаттыкты уят-сыйыттуу болууга чакырды.

Стамбулда башталган БУУнун токой чарба формунун онунчусунун ачылышын жасаган премьер-министр Эрдоган: «Жакырлар менен эмпатия курушубуз керек»,-деп айтты. 197 өлкөнүн өкүлүнүн катышуусу менен Стамбулда башталган БУУнун токой чарба форумунун онунчусунун ачылыш жыйынында сөз сүйлөгөн премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган сөзүнүн маанилүү бөлүгүн болуп жаткан адилетсиздиктерге бөлдү.

Эрдоган: «Эгер үстүбүзгө кийген кийим бангладештик 5 жашындагы бир баланын үмүттөрү менен толгон болсо, эгер унаабызга куйган бензин Ливияда бир карапайым кишинин каны менен жуурулса, эгер балдарыбызга берген шоколад Африканын дарыяларына уу кошкон болсо, бул бүдөмүктөн, ушундай глобалдашуудан, ушундай соодадан тынчсызданып, муну тереңдештире териштирип, чараларды ойлоп табууга мажбурбуз»,-деди.

Дүйнөдөгү элдердин арасындагы терең айырмаларды баса белгилеген Эрдоган глобалдык уят-сыйытка эң көп муктаждык болгон мезгилде жашап жаткандарын баса белгилеп: «Ээ болгон нерселерибизди териштирүү, жакырлар менен дагы көбүрөөк эмпатия курууга аргасыз болгон сыноодон өтүүдөбүз»,-деп айтты.

Эрдоган «Дүйнө тынчтыгы,маданияттардын шериктештиги, кечиримдүүлүк, адилеттүү өнүгүү үчүн Стамбулдун БУУнун борборлорунан бири болушунун абдан туура боло турганын баса белгилөө менен ушул каалообузду ушул жерде дагы бир жолу кайталаймын»,-деди.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter