9 апреля 2013, 09:07

Россиянын Миграция кызматы орус тили курстарынан өткөн мигранттарга жумуш табууда көмөктөшөт

Россиянын федералдык миграция кызматы орус тили курстарын ийгиликтүү өткөн мигранттарга жакшы иш табууга жардамдашууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу РФ ФМКнын жетекчисинин орун басары Анатолий Фоменко билдирди. 
"Өткөн жылы биз Кыргызстанда жана Тажикстанда 2 сынамдык долбоорду ишке ашырдык. "Орус дүйнөсү” фондунун көмөгү менен 2 лицейдин базасында жарым жылдык курс өткөрдүк. Кесиптик даярдык менен катар мигранттар орус тилин үйрөнүштү. Дем берүүчү шарттардын бири кийинки ишке орноштуруу болуп саналат”, - деди А.Фоменко РИА Новостидеги видео көпүрөнүн жүрүшүндө. 
Ал ФМКда миграциялык борборлорду түзүү боюнча бир катар долбоорлор иштелип жаткандыгын билдирди. 
"Биз жада калса баллдардын, баалоолордун белгилүү тутумун иштеп жатабыз. Ким окутуудан жакшы өтсө, ага жумушка орношууга жардам көрсөтүлөт. Балким кийинчерээк убактылуу жашоого уруксат алууга мүмкүн болот”, - деп белгиледи А.Фоменко. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter