9 апрель 2013, 10:32

“Сейтек” борборунун тарбиялануучулары Түркиянын бир нече шаарларында концерт беришти

"Сейтек” балдар, өспүрүмдөр улуттук борборунун чыгармачыл топтору "Түрксой” эл аралык уюмунун чакыруусу менен Түркиянын 8 шаарында болуп концерт берип келишти. Бул тууралуу "Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Сейтек балдар, өспүрүмдөр улуттук борборунун директору Сабира Челпакова билдирди. 
Анын айтымында, Түркия көрүүчүлөрү кыргызстандык артисттерди жылуу кабыл алышты.
"Түрксой” эл аралык уюмунун башкы максаты түрк дүйнөсүнүн маданиятын бириктирүү, аны даңазалоо. Нооруз фестивалына 10дон ашык мамлекеттен 100дөн ашык артисттер катышты,-деди С.Челпакова.
Ал мындай фестивалдар артисттерге дем берип, тажырыйба чогултууга көмөк көрсөтө тургандыгын айтты.
Фестивалдын катышуучусу акын Кубат Тукешов иш чара 15 күнгө созулуп, анын ар бир күнүн Кыргызстандын артисттери ачышкандыгын кошумчалады.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020