9 апреля 2013, 11:16

Пенсия талашып баласы энесин өлтүрүп алды

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда оор кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББнин  басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, Панфилов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн 74 жаштагы пенсионердин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге Панфилов РИИБнин кызматкерлери барышкан.

Кылмышка шектүү деп анын 54 жаштагы баласы кармалган. Тергөө учурунда ал энесин пенсиясын ага бербей койгондугу үчүн сабаганын мойнуна алган.

Күбөлөрдүн айтымында, баласы энесин буга чейин эле сабап келгени аныкталган. Эненин баласынан качып, коңшуларынын үйүнө барып түнөгөн учурлары болгон.

Аталган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter