9 апрель 2013, 12:09

Фейсбук сүйлөйт! Комментарийсиз… (ФОТО)

Фейсбук сүйлөйт!

 

Комментарийсиз…

 

Дайырбек Орунбеков:

Таластагы Манас ордо. Ажолор отургузган арчалар. Акаев, Отунбаевалар отургузган арчалар ордунда турат. Бакиев отургузган арчаны алда-качан эле түп орду менен омкоруп салышыптыр... 

Фейсбук сүйлөйт! Комментарийсиз… (ФОТО)

 

 

Пикирлер:

Хатем Календер: Арчанын кандай куноосу бар экен? Омкоруп салгандарга же ордого жоопкер болгондорго жаза берсе болбойбу. Кантсе деле ошол кездеги президент отургузганда.

Жалил Сапаров: Табличканы алып салса эле болмок. Арча эл учун керек да.

 

Адил Касымбеков:Jaili Saparov tuura aytasyn!

 

Дайырбек Орунбеков:Өткөн жылы барсам арчасы жок, "Бул арчаны президент Курманбек Бакиев отургузган" деп жазылган табличка калган эле, быйыл анысы да алынып, ору бош аңгырап бош. Карсам жалгызсырабасын дегенсип кумурскалар ары-бери жөрмөлөп жүрөт...

 

Жалил Сапаров: Бакиевдин кумурскаларыбы? J

 

Дайырбек Орунбеков:Генералды кармап алып ал жакадан алып, кабыргасын карсылдатып үстүнө чыгып алып сындыргандарга арча не болуп калыптыр. Кармап туруп толгоп ыргытып жиберди да J

 

Тынчтык Бек: Анык келесоолор го омкоргондор.

 

Дайырбек Орунбеков:Жок ай келесоо эмес, антип айтпаңыз, колунда каруусу, белинде күчү барлар да J

 

Адил Касымбеков: mumkun, birok alarda Bakiev degen at jok ok6oytta J

 

Жалил Сапаров:Ким эмне жакшы иш жасаса, анын атагы элде кала берет. Арчаны омкоруп салышат, бирок Бакиевдин атын тарыхтан өчүрө алышпайт. Отунбаева да, Атамбаев да кала беришет. Жакшы тилек менен жасалган ишти ойрондобош керек.

 

Дайырбек Орунбеков:Бул арчаны бир-эки кемакыл омкоруп салса керек, ага бүтүндөй таластык туугандар күнөөлү эмес. Ушул тууралуу таластык досум Адилетке бир кезде айтсам, ал да абдан жини келди эле. Бакиевди жаман көрүшөт экен, өздөрү Бакиевден жогору болуп арчага тийбей койсо болмок.

 

Nurjanna Sulaymanova: Бакиевке күчүн көрсөтө албай, арчага күчү жеткен го...

 

Жумамидин Сулайманкулов: Арчада эмне күнөө. Анда Бакиевдин убагында жасалган бардык нерселерди бузуп талкалап салышсын!

 

Жамайка Дунканаева:Ооба, бул өсүмдүктү омкоруу ошол кезде Бакиев отургузчу арчага ылайыктап жерди казып даярдап, алды-аркасына түшүп шыйпаңдаган күчүктөрүнүн колунан келсе керек да...

 

Мээримка Разыкулова:Ал жерден омкоргону менен бир акылдуу уурусу үйүнө алып барып отуруп койгондур да!

 

Нурлан Мамбеталиев:Ал арчада эмне күнөө, биз өзүбүздүн акылыбыздын кемдигин ушинтип жарыялайбыз, ал арчаларды омкорууну уюштурган адамды ким тааныйт? Таанысаңар ошол адам дагы көп деген жаман нерселерге колу жетет билсеңер.

 

Satybaldyeva Mirlana:Даа табиятка да кыянатчылык кылабы...

 

Нурлан Мамбеталиев: Бакиев маалында организацияларга канча деген техникалар келген мамлекетибизге анда ошолорду да өрттөп салгыла…

 

Назгуль Калмамбетова:Элибиздин деңгээли ушуга жеткен экен да. Арчада эмне күнөө...

 

Азис Курамаев:Мындай чагымчылдыктын эмне кереги бар я? Ал жер азыркы ажобуз келип тиксин деп даярдалган жер. Ал канкор акаңыз арча тиккен эмес тикмек тургай кароол чокубузду казып ичинде алтыны бар экен алам деп чыккан Мадумаров аканыз экөөбү. Бул карандай калп нерсени айтуу менен Таластын элин жамандагыз келип элди бөлүп жаргыңыз келип жатабы? Таластыктардан сый көргөндөн башка не жамандык көрдүңүз Дайыр байке?

 

Мирбек Айтикеев:Урматтуу Дайыр жана анын стенасына пикир билдиргендер, силер өзүңөр Манас Ордону көрдүңөр беле. Тигил жакта туруп алып эле оозуңарды чоюп Таластыктардын кадыр баркына, ар-намысына шек келтиресиңер. Биздин элден айлангыла. Ал жерге арчаны Курманбеги, Жанышы (Бакиевдер) баары тигишкен. Алардын деңгээл мындай сыйлуу жерге арча тигүүгө жарабайт. Ошон үчүн деңгээли жогору, намыстуу, баатыр жердештерим жулуп ыргытып салган. Дайыр сен Азис айткандай анын төрүндө дагы, менин үйүмдүн Таластын мыкты жерлеринде сыйыбызды көрүп эле кетпедиң беле? Ар бир жер ардактуу. Биздин намысты тебелебе.

 

Дайырбек Орунбеков:Мирбек, Азиз сыйыңарды көргөнүм талашсыз. Мен көргөнүмдү жаздым, же силердин намысыңарды тепсеп "таластыктар тигиндей, мындай" дедимби. Эл экен пикирин айтат, эл оозунда элек жок.

 

Бекболсун Айталиев: Ээ Дайыр биздин Таластыктар чындыкты сүйгөн айтканынан кайтпаган эл болот. "Эрди намыс койонду камыш өлтүрөт" -деген эзелтен ата бабалар. Анан сен айтып жаткан арча бул эскертүүсү азыркы бийлике. Бакиев доорунда иштегендерди четинен өзүбүз жок кылабыз деген. Себеби Каркыраны жайлоосун саткан Акжолчулар азыркы бийликтин арасына толуп алышпадыбы. Бирок көп кабатырланба Дайыр биздин акабыз тиккен арчаны жулуп ыргытып , апчеси тикенге тийбептир деп. Азыр апчебиз Жерүй сатылса жакшы болот деп жүрөт. Анан Талас эли да апчесине кабатыр болуп турган учуру. Эгер Жерүй кени сатыла турган болсо, анда Таластыктар апчесиникин да жулуп ыргытат. Карап олтурбайбыз. Бизде жердешчиликтен намыс өйдө.

 

 

Мирбек Айтикеев:Анда ушундай ыйык жерге Бакиевдердин атын эскертип турган тактача керек беле.

 

Нурлан Мамбеталиев:Эй айланайын замандаштар, өзүңөрдү эр ойлосоңор да бирөөнү шер ойлогула, урмат сыйдан качпайлы, түштүк-түндүк болуп айтышкан бул сырттан карагандарга абдан шылдың көрүнөт, өзүбүздү алдыбызды эле карабай үстүдөн тегиз карайлы ошондо өзүбүздүн жакшы жаманыбыз өзүбүзгө билинет.

 

Алтын Биримкулова:Дайыр, жулуп ыргыталы десек ал адам Таласка көзгө илинээрлик деле эч нерсе куруп бербептир. Дагы да болсо өз аймагын гүлдөтүмүш эткен (жакшылыгын унутпагыла акаңардын). Ошого көнгөн эл кийинки бийликти тытып-жегени баарыбызга маалым. ("кокуй малыбыз ачка калды, келе бизге чөп", "өкмөт берген үй жакпай калды, алмаштырат элек"дегенин айтам. Темадан алыстап кеттим. Эми бул сиздин жогоруудагы постуңузга жооп болду)

 

Дайырбек Орунбеков:Аябай чычалап кеттиңер окшойт, мен акамдын тиккен карагайын жулуп салыпсыңар деген жокмун. Мен айттым, ажолор отургузган арчалар жулунуптур дедим. Эгер ал арчалар Төө-Ашууда же ОШто жулунса деле ушул ойду айтмак элем. Бирок оюмдун түпкүрүн түшүнбөгөн жердешчилдер "сенин акаң, сенин жердешиң" деп айтып жиберишти. Демек бул арча деле ошол жердешчилик оорунун кесепетинен жулунганына көзүм жетти. Чын эле калыс болсоңуздар анда Бакиевдин системасын түптөп, үй бүлөөлүк ажыдаарлардын уюгун түзүп, Кыргызстанды ушундай абалга түшүрүп кеткен Акаев жездеңиздердин арчасына неге тийген жоксуздар? Экөөнүн арчасын бирдей омкорсоңуздар анда калыс экен деп калмакмын, бирок калыстыгыңыздарды көрсөтө элексиздер. Менин бул пикириме азыр Акаевдин айай жагын айтып чыгып, "ал күнөөлүү эмес, таза болчу, элди аткан эмес да" деп айтарыңар бештен белгилүү. Ар кантип да актап аласыңар. Ош окуясында кан суудай агып, каза болгондордун саны алигүнгө чейин тактала элек, ошол шалакылыкка көз жумуп туруп берген Роза апчеңерге эмнеге лам дебейсиңер. Тымызын ичтен ириткендерге колтук ачып, өзбектерге келин болгон апчеңер, кыргыздын кыргыны күчөп атканда бутун жылуу сууга салып борбордо жаткан журт башчынын арчасы ал жерге татыктуубу? Анан калыстыкты айтып койсо "сыйымды көрдүң эле, тамагымды ичтиң эле" деп бакылдайсыңар. Ошол сыйыңардын эсебин айтып бергилечи төлөп деле берейин. Дагы бириңер "Мадумаров, Бакиев акаң" деп келекелеп атасыңар. Акам экенинен танбайм. Ошол эле кезде акаларим иштеп турганда туура эмес жагын сиздерден мурун айтып, каршы чыгып жүргөм. Кай бирөөгө окшоп Бакиев кеткенден кийин "ал акмак, айбан, канкор" деп артынан айткан жокмун.

 

Бека Такелеев:Азаматсыз абдан таамай айтыпсыз мен да ушул ойлорго кошулам!!!

 

Дайырбек Орунбеков:Чычалап аткан досторум, көп учурда "Манастын түздөн түз урпагыбыз" деп жүрөсүздөр. Арчага айкөлдүк кылсаңыздар коомчулук "бали!" демек. Айтышмак: "Канкорго да айкөлдүк кылышты, азамат экен. Чын эле айкөлдүн урпактары тура" дешмек. Анан бул кылыгыңар менен Манастын берки туугандарынын кылыгын кайталап салдыңар. (чычаламай жок ) (Ред: Абыке, Көбөш)

 

Кудрет Тайчабаров: Даке туура жарылыптыр. Жөн эле качкын президенттердин аты жазылган табличкаларды жулуп салгыла да, арчада эмне күнөө. Болбосо, мындай арчаларга адамдардын аттарын бербегиле. Анткени, ким болбосун ката кетирет. Ошондо кайра жулуп отурбайсынар. Географиядан "2" алып жүргөндөргө айтаарым, Бакиеви да, Мадумарову да Дайырдын акаси эмес. Биринчиден, Жалал-Абад такыр башка облус, экинчиден, эгер жердешчилик жөнүндө сөз болсо Асылбек Жээнбеков, Курманбек Осмоновдор акаси болот. Урмат Аманбаева апжеси болот. Бакиевге кайнаса каны кошулбайт...

 

Jakshilik Berdibek Yyly: Бакиев тиккен арчаны жулуп салган адам жапайычылыгын көргөзгөн экен. Анда Бакиевдин учурунда тигилген баардык өсүмдүктөрдү, курулган үйлөрдү кулатып салгыла, арчаны кыйып ал жаратылашка, элге чыккынчылык кылган иш жасады... Шариятка дагы каршы келет... Манастын урпактары АЙКӨЛ болот, "АЙКӨЛ" деген сөз катылгандын катыгын берүү, башкача айтканда ким согушам десе аны тынчытуу... Тилеке каршы адилетсиздерге каршы эмес жаратылышка каршы иш жазагандар көбөйдү, дэңгээли төмөн адамдар башкарып, демократия десе атасын сөгүп баласын сатып жиберүүгө даяр адамдар пайда болду. Бул биздин заман, өкүнүчтүү…

 

Дайырбек Орунбеков:Убагында ошол арчаны Бакиев Таласка келгенде коштоп жүгүрүп кошомат кылгандар "Курманбек Салиевич мартабаңыз өссүн, арча отургузуп кетиңиз" деп бөйпөлөктөп жүгүрүп, жата калып жүгүнүп, арча отургузуп колу чаң болсо жүгүрүп колуна суу куйгандар отургуздурса керек. Бакиев атайын барып арча тигип келейин деген жок да. Ошентип аткандар Оштон же Нарындан келип коштоп жүргөн жок да. Ошол Таластан эле чыккан азаматтар болуш керек. Ошол Манас Ордонун жетекчилигинин идеясы да болушу мүмкүн. Кудрет досум айткандай андай болсо арчаларга адамдын атын бербеш керек. Мартабасы өсүп атканда арча тиктирип ,кетип калса жулуп сала бергидей Манас Ордо оюнчук эмес да.

 

Атакул Жалилов: Туугандар, "ал-бул" деп айтышпайлы! Айтышкандан майнап чыкпайт. Бирок Дайыр мырза да туура айтат. Даракта эмне күнөө. Бирөөлөрдүн оюу боюнча бардык нерсеге Бакиев же Акаев күнөөлүү имиш. Чын, алар кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү экендигин моюнга алышыбыз керек. Бирок, мусульманчылыкта да кечиримдүү болгонду Кудай сүйөт дешет. Биз экстерди кечиришибиз керек. Кантсе да өз убагында унутулгус иштерди жасап кетти. Ош-Бишкек унаа жолун ким бүтүрдү? Бул Акаевдин эмгеги. Анын убагында Ошто да Бишкекте да, Ошто да абдан жакшы иштер жасалган. Ал эми Бакиевчи? Ал да өз убагында Ош-Эркештам жолун бүтүрдү. Бишкекте бир канча курулуштарды жасады. Ал эле эмес убагында легендарлуу Абсамат Масалиев бийликке келет деп атканда жанын уруп жүрүп Акаевди бийликке алып келген Чынгыз атабыздын Чолпон-Атадагы Рух ордосун бүтүрдү. Дагы мындай иштер толтура. Бир гана аларга үй-бүлөөсү кичине туура эмес жагдайды жаратып койду. А азыркыларчы? Оштун мэри Мырзакматов айткандай эски бийликте иштегендер баары акмак, Азыркы бийликтегилер АНГЕЛЬ болуп кетиптирби? Жок андай эмес. Азыркылар да аваат эмес.

 

Жылдыз Бекбаева:Болгонду болгондой жазып койгонго чычалабагыла, арынарга келгиле.

 

Атакул Жалилов: Ким кантип бийликке келгенин ЭЛ абдан жакшы билет. Аны тарых таразалап алат. Бирок Отунбаева да өз бийлигин ынтымактуу өткөрүп берип, чоң иш жасады. Муну кийинки Президенттер да улантышы керек. Ал эми Атамбаев да азыр кыйратып аткан жок. Кыскасы мына ушундай. Ар бири өз убагында баары бир эл үчүн иштеди. Революция болсо эле алар отургузган даракты түп тамырынан куурата бериш керек эмес. Дарак бул - биздин келечектеги муундарды көлөкөлөйт, таза аба жутууга шарт түзөт. Жакшы иш да жаман иш да тарыхта жазылып турганы дурус. Ошондуктан тарыхты көрүп, азыркылар түзөлөт. Түндүк-түштүк деп жатып эч жерге жете албайбыз. Көп болсо Кореянын кейпин кийип калабыз. Андыктан Дайыр мырза туура маселени көтөрүп жаткандыгы айкын. Оштугубуз да Таластыгыбыз да туура кабыл алалы.

Мирбек Айтикеев:Дайыр мен билгенден Закижан (Курманбек) акаңдын тиккен арчасы жулунган эмес, табличкасы жулунган. Жаныш Бакиев тиккен арча жулунуп, Манас Ордонун алгачкы директорунун арчасы тигилген.

 

Satybaldyeva Mirlana:Ммм силер ойлоп жатасыңарбы арчаны Таластын эли жулду деп, аны эл эмес эле Бакиевдерге сөөк өчтү душман болгон азыркы бийликтеги баканооздор жулду да. Эми арчаны ким жулса да нагыз жапайычылыгын, наадандыгын көрсөткөн экен... Түштүксүз Кыргызстанды элестетип көргүлөчү и Түндүксүз дагы элестетип көргүлө эмне болоорун. Жанагы Кыргыздын кыркы бириксе да ыркы бирикпейт деген сөз да бекеринен калган эмес экен да. Анан кошумчалай кетчүү нерсе бир кездеги өз учурунун талантту акыны, жердешим Тургунбай Эргешовдун төмөндөгү ырын мисал катары айтса болчудай. Оозу менен өзгөртүшүп картаны, Өсө берээр жаңы жердин катары, Сыймыктанам мейли болсун кичине, Буйга менен бүтүн турат жер шаары демекчи Кыргызстан түштүгү жана түндүгү менен бүтүн турат.

 

Мирбек Айтикеев:Туугандар бул жерде түндүк-түштүк деген сөз жок. Болгону мурунку президенттер жөнүндө болуп жатат.

 

Максатбек Кубанычбек Уулу: Элине жерине ак кызмат кылбай жеке кызыкчылыгын ойлогон элине Адилетсиз мамиле кылган башчылар туп тамыры менен тарыхтан жулунуп алынып салынат ал тиккен дарак сыяктуу Ар бир эл башчыга берилген кудайдын ишенимимн актай албай элине олкосуно ак кызмат кылбасан абдан окунучтуу ошол кудайдын берген куттун кармап калып элине олконо ак кызмат кылсан жакшы атын менен тарыхта калсан элинен бата алсан кудайдын ыраазычылыгын тапсан олкондун онуктурушуно салымынды кошуп эл оозунда жакшы соз менен айтылсан бул чыныгы Эл башчы учун Бакыт ар бир жакшы жасаган ишин башкаларга орнок болот.

 

Жениш Айдаров:Мен чынында жаш, жаныча ой жугурткон балдар деп жургон кээ бир досторумду мынчалык паска тушуп пикир жазат деп куткон эмесмин. Намыс деген бул туурабы туура эмеспи озундун жерине тартуу эмес менимче…

 

Дайырбек Орунбеков:Анда мирбек мырза, эмнеге Бакиевди "акаң, жердешиң",-деп мага баса белгилеп атасың. Түндүк-түштүк маселесин сен баштадың окшойт, мен президенттерди сөз кылып атсам. "Акаң антти, акаң минтти",-деп...

 

 

 

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020