9 апрель 2013, 12:37

Жантөрө Сатыбалдиев орусиялык делегация менен “Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөштү

8-апрелде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз-орусиялык ө0кмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратнын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуу учурунда жакында Жантөрө Сатыбалдиевдин Орусияга боло турган жумушчу сапарынын алкагында 22-23-апрелде Москва шаарында өтүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибин талкуулашты. 

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү процессин, "Кыргызгаз” ААКсын мамлекеттик акция пакеттерин "Газпром” ААКсы тарабынан менчиктештирүү боюнча келишимдин жүрүшүн талкуулашты. (Б.Э)

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020