9 апреля 2013, 13:02

Депутат Бакир уулу жаакка чапкан журналистти парламенттеги аккредитациясынан ажыратышты

Депутат Турсунбай Бакир уулу менен чатакташа кеткен «Общественный рейтинг» гезитинин журналисти Эрик Исраиловду парламенттеги аккредитациясынан ажыратышты. Мындай чечим регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынган.
«Журналист Эрик Исраилов аккредитация тууралуу жобону бузду. Сиз депутат Ирина Карамушкинаны адаштырып, чатагыңарга кошуп алгансыңар», - деп билдирди депутат Айнуру Алтыбаева журналистке кайрылып жатып.
«Парламенттеги аккредитациясынан ажыратуу маселесин карап чыгуу зарыл, себеби ал (Эрик Исраилов – КырТАГ) өзүн адепсиз алып жүрүүдө, депутаттарды бири-бири менен кайраштыруунун аракетин көргөн», - деп айтып чыкты депутат Гуласал Садырбаева.
Талкуунун жыйынтыгында, депутаттар журналист Эрик Исраиловду аккредитациясынан ажырату үчүн парламент аппаратынын жетекчисине кат жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, депутаттар Ирина Карамушкина жана Асия Сасыкбаевалар комитеттин чечимине макул эместигин билдирип жыйындар залынан чыгып кетишкен, ден-соолугуна шылтоо кылып жыйындар залынан депутат Курманбек Өмүрбеков да чыгып кеткен.
Ал эми журналист болсо комитет жыйынында депутаттар негизги маселеден четтөө менен анын жана депутат Турсунбай Бакир уулунун ортосунда чыккан чатакты карабай коюшкан. «Мен юристтер менен дагы бир ирет сүйлөшүп жана Турсунбай Бакир уулун сотко берүү маселесин карап чыгабыз», - деп билдирди Э. Исраилов.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter