9 апрель 2013, 13:11

«Бишкек Парк» комплексинин имараты Бишкектеги сейсмикалык жактан туруктуу имараттардын бири

«Бишкек Парк» комплексинин имараты Бишкектеги сейсмикалык жактан туруктуу имараттардын бири «Бишкек Парк» комплексинин имараты Бишкектеги сейсмикалык жактан туруктуу имараттардын бири. Бул тууралуу «КыргызГипрострой» долбоордук институтунун башкы инженер-конструктору Владимир Кадола шейшемби күнү Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
««Бишкек Парк» комплексинин имараты Бишкектеги сейсмикалык жактан туруктуу имараттардын бири жана 8 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Имарат алдында жер суусу жок экендигин бургулоо тереңдиги 20 метрден жогору экендиги эле айтып турат», - деп билдирди В. Кадола.
Анын сөзү боюнча, Бишкек үчүн имарат уникалдуу, анын аянты 80 миң кв. метр, узундугу – 102 метр, туурасы – 77, ал эми бийиктиги 80 метр, долбоорду кыргыз адистери иштеп чыккан, долбоор адаптацияланган.
«Бишкек Парк» комплексинин ээси, «Руби Иншаат» ЖчУ башкы директору Айдын Мыстычоглунун билдирүүсүндө, «Бишкек Паркка» иш күндөрү 15 миңден, ал эми эс алуу күндөрү – 20 миңден адам келүүдө. Комплекстин курулушуна $62 млн салынган.
«Бишкек Парк» соода-оюн-зоок комплекси өзүнө көпиөгөн дүкөндөрдү, ресторан, кафе, түнкү бар, караоке барларды камтыйт. Комплексте банктын филиалдары, уюлдук байланыш операторлорунун кеңселери ачылган. Анын аймагында акысыз Wi-Fi менн да колдонуу мүмкүн.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020