9 апреля 2013, 14:21

Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо үчүн донорлор 100 миллион доллар бөлүп берүүдө

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунунда депутаттар  Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулашты.

Тарнспорт жана коммуникация министринин орун басары Кенжебек Ибраев Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо  1998-жылдан  2007-жылга чейин жүргүзүлгөндүгүн айтып, финансылык тартыштыктан улам жолдун  2 участкасы ремонттон өтпөй калгандыгын кошумчалады.

Бишкек-Ош автожолунун 130- километрин ремонттоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын атайын эсетинен  50 миллион доллар бөлүнүп берилет. Анын 55 % - насыя, 45 %- грант.

Финансы министри Ольга Лаврованын айтымында, насыя 32 жылга берилет. Биринчи 8 жылга 1 % калган жылдарга 1,5 % үстөк менен эсептелинет.

«Андан тышкары Европа банык 20 жылдык мөөнөт жана 5 жылдык жеңилдик менен 1% үстөктүн негизинде 50 миллион доллар бөлүп берет. Андан тышкары 20 миллион доллар – бул өкмөт тарабынан каржыланат», - деди министр.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter