9 апрель 2013, 15:15

Парламентте дагы бир ЖМК өкүлүнө доомат коюшууда

«Москвалык журналисттер кайсы укуктары менен Кыргызстандын ишине кийлигишип атышат? Өзгөчө парламент иштерине?» – деп Жогорку Кеңеште «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу суроо салды.

Айтымында,«эч кандай чоочун,«Московский комсомолец»өңдүү гезит бийликтин аракетине комментарий берүүгө укуктуу эмес».

«Жанагы Бабакулов (Улукбек Бабакулов - «МК-Азия» гезитинин шеф-редактору) өзүн ким ойлоп алган? Ал өзү кыргыз эмес», – деди Турсунбай Бакир уулу.

Мындан тышкары депутат соңку күлкү күнүндөгү Жогорку Кеңеш алдындагы акциядан кийин Бабакуловдун журналистикалык этикалык маселесин талкууга коюш керек дейт.

Эске салсак, 1-апрелде журналисттер дагы бир депутат – Улугбек Кочкоровдун мамтилди билбегендерди ЖКдагы аккредитациясын тартып алуу тууралуу кемсинтүү билдирүүлөрүнө карата акция уюштурган.

Кийин, Улукбек Кочкоров «24.kg» МАга аны туура эмес түшүнүп алышканын айткан. Ал ЖМКларга туура эмес же бурмалап маалымат тараткандар журналситтерге карата мындай чара киргизүүнү айтканын түшүндүргөн.

Турсунбай Бакир уулу өзү буга чейин социалдык желелердин биринде журналист Эрик Исраилов менен урушуп кетип, аны менен өз кабинетинде болгон жолугушууда журналистти чаап ийген. Бул маселе регламент жана депутаттык этика комитетинде 3 жолу каралып, комитет мүчөлөрү Эрик Исраиловдун аккредитациясын алып салуу сунушун беришкен.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020