9 апрель 2013, 15:30

Экс-президент элди “жашыл революцияга” чакырды

Кечээ күнү Бишкектеги Ататүрк паркына көчөт отургузуу үчүн келген экс-президент Роза Отурбаева Кыргызстанга дагы бир революция керектигин билдирди. Анын айтымында көнүмүш болуп калган бийликти кулатуу эмес жаратылышты көрктөндүрүү боюнча революция жасоо керек.

"Бизге "жашыл революция” керек. Азыр башка революциялар менен алаксып жатабыз. А жаратылышты коргоп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнү эстеп чыгарып койдук”, - деди экс-президент.

Роза апчебиз 2005-жылдагы Жоогазын революциясынын, андан кийин 2010-жылдагы Апрель революциясынын башында туруп, эки ажонун эсебин тапкан. Эми "жашыл революциясы” дагы ишке ашса, шаарыбыз бир топ жашара түшөт эле.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020