10 апреля 2013, 08:51

Исмаил Исаков: “Батукаевдин түрмөдөн чыгарылышы – бул чоң кылмыш”

"Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгарылып, Москвага алынып кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков билдирди.

"Эгер Батукаевдин түрмөдөн чыгарылганы чын болсо, анда бул чоң кылмыш болуп саналат. Тиешелүү адамдар буга жооп бериши керек”, - деди депутат.

Ошондой эле ал бул маселени күн тартибине киргизип кароону сунуштады.

Эске салсак, кечээ, 9-апрелде, кечки саат 16.00дө Нарын шаардык соту 16 жылга кесилип түрмөдө жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди, 8 жыл 7 ай олтургандан кийин, ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарганы тууралуу маалымат тараган эле. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter