10 апреля 2013, 09:00

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору Түркия тараптан бекитилет

Мындай маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун сунуштап жатып Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. 

Анын айтымында, окуу жайдын камкорчулук кеңешине кыргыз тараптан 4 өкүл жана Түркия тараптан 4 өкүл кирип, эң негизги маселе аталган кеңеш тарабынан чечилет жана анын төрагалыгына Түркия мамлекетинин өкүлдөрүнөн дайындалат. Андан тышкары Түркия тарабынан сунушталып, бул жакка чакырылган окутуучулар атайын квотасы жок ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

"Мыйзамдагы эң негизги өзгөртүү Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору буга чейин кыргыз тараптан дайындалса, азыр жетекчи Түркия тараптан болсун деп жатабыз. Бул окуу жайга бөлүнгөн жер аянттарын туура пайдаланып, берилип жаткан инвестициялардын өнүгүүсүнө жардам берет. Учурда окуу жайда 4516 студент окуса, анын 4000ден ашыгы - кыргыз жарандары. Окуу бекер жүргүзүлөт жана студенттер стипендия менен камсыз кылынат. Окуу жайга кетип жаткан чыгымдардын 95 пайызы Түркия тарабынан камсыздалат. Акыркы эки жыл аралыгында эле университеттин лабораториялык жабдууларына жумшалган каражаттар 3 млн. долларга жеткен", -деди министр.

Ошондой эле ал, Түркия мамлекети тарабынан имараттарды курууга эле 61 млн. долларга жакын каражат сарпталгандыгын айтып өттү. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter