10 апреля 2013, 09:07

Ошто маркум Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык турнир өттү

Ош шаарындагы «Алыш» спорт клубунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты маркум Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир уюштурулду. Бул тууралуу аталган спорт клубунун машыктыруучусу Сулайман Миңбаев билдирди.
Анын айтымында, бул мелдешке Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан балбандар катышты.
Жалпы 22 команда 10 салмактык категориядагы 342 балбан күч сынашты. 
Сынактын жыйынтыгында 39 кг салмактык категория боюнча 1-орунду Ош шаарындагы Киров орто мектебинин 8-классынын окуучусу Адилет Алибек уулу ээледи.
Ал эми 42 кг салмактык категориядагы балбандар арасында 1-орунга Ош шаарындагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Хажыакбар Абылкасымов татыктуу болду.
66 кг салмактык категориядагы балбандар арасында 1-орунду 20 жаштагы «Алыш» спорт клубунун мүчөсү Алмазбек Ормонов ээледи.
Алдыңкы орунду ээлеген балбандарга «Алыш» спорт клубу тарабынан баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
1-орунду ээлеген Адилет Алибек уулу греко-рим күрөшү боюнча Кыргызстанда өткөн бир катар эл аралык мелдештерде 1-орунду багындырып келген. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter