10 апреля 2013, 09:12

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлат

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлат Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча» резиденциясында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Тактап айтканда, Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрү аралык аба байланышы тууралуу 1994-жылдын 14-октябрында Анкарада кол коюлган келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго, эки өлкөнүн Өкмөттөрү аралык туризм тармагындагы кызматташуу тууралуу, Экономика министрлиги жага Түркия Премьер-министринин алдындагы инвестицияларды тартуу жана колдоо боюнча өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга жана КР жана Түркия Өкмөтү аралык токой чарба жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө.
9-апрелде Бишкекке Түркия премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган расмий иш сапары менен келген.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter