10 апрель 2013, 09:18

“Кыргызтелеком” банкрот болбойт, деп билдиришти мамлекеттик ишканадан

9-апрелде өткөн маалымат жыйынында "Прецедент” өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов "Кыргызтелеком” ААКсы жакынкы мезгилде Кытай өнүктүрүү банкынын менчигине өтүшү мүмкүндүгүн билдирген. 
Буга байланыштуу аталган мамлекеттик ишкананын жетекчилиги "Кыргызтелеком” ААКда банкрот болуу коркунучу жок, деп билдиришти. 
Ар кандай компаниянын каржылык абалы тууралуу жыйынтык чыгаруу үчүн анын каржы ишмердигине талдоо жасаш керек. Бүгүнкү күнү бул багытта көз карандысыз талдоо жүргүзүү үчүн бир да коммерциялык эмес уюм, анын ичинде "Прецедент” тобу да компанияга кайрылган эмес. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдун” жетекчилигинин маалыматында айтылат.
"Кыргызтелекомдун” учурда чет элдик банктар алдында насыялык карызы жок. Бардыгын өз убактысында төлөп жатат. 2013-жылдын 9-июнуна чейин компания КӨБга 3 млн 963 миң 104,44 доллар төлөп берет. Үстүбүздөгү жылдагы ишкананын бюджетинде насыяларды төлөө боюнча керектүү каражаттар каралган. 
Ал эми Н.Токтакуновдун көз каранды эмес иликтөөлөрдү жүргүзүүсү анын компетентсиздигин көрсөтүүдө деп белгиленет маалыматта. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020