10 апреля 2013, 09:39

К.Садыков: "Кыргыз-түрк "Манас" университети негизделгенден бери Түркия тараптан 289 млн. доллар инвестиция тартылган"

Мындай маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун сунуштап жатып Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, окуу жай 1995-жылы негизделген жана ошол убакыттан бери 14 имарат курулган.

"Окуу корпустары, жатаканалар жана спорт комплекстери курулган. Берилип жаткан инвестициялар жакшы иштетилбей жаткандыктан, Түркия тараптын демилгеси менен аталган мыйзам долбоору сунушталып жатат", - деди Канат Садыков.

Эскерте кетсек, аталган окуу жай тууралуу эң алгачкы макулдашуу 1995-жылы 25 жылга түзүлгөн.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter