10 апреля 2013, 09:42

Жазаларды аткаруу кызматы Азиз Батукаевди Кыргызстандан чыгып кеткен жок деп айта албайт

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Куанышбек Кененбаев журналисттерге Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн экендигин айтты.

"Бүгүн, Жогорку Кеңеште депутаттардын Азиз Батукаев тууралуу айткандарына комментарий бере албайм жана Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн эмес деп да айта албайм”, - деди Кененбаев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 10-апрелде, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков "мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгарылып, Москвага алынып кеткендиги тууралуу маалымат тарап жаткандыгын айткан эле.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 9-апрелде, кечки саат 16.00дө Нарын шаардык соту 16 жылга кесилип түрмөдө жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди, 8 жыл 7 ай олтургандан кийин, ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарганы тууралуу маалыматтар жазылган.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter