10 апреля 2013, 09:49

Ош шаарында Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди10-апрелде Ош шаарында Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата анын эстелигине гүлчамбар коюлду. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
Белгилүү коомдук ишмер А. Масалиевдин юбилейине арналган иш чарага түштүк борбордун мэри Мелис Мырзакматов,
шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров, ошондой эле шаардык мекемелердин жетекчилери менен жашоочулары катышты.
"Биз бул жерге мамлекетибиздин тарыхында өчпөс из калтырган инсандын жаркын элесин эскерүү үчүн чогулдук. Абсамат Масалиев шахтанын начальнигинин жардамчысынан Кыргызстандын бүткүл калкы сыйлаган саясый ишмерге чейинки даңктуу жолду басып өткөн”,-деди Мелис Мырзакматов.
"Азыркы айрым саясатчыларга жеке жана материалдык кызыкчылыктар баарынан жогору турат. Абсамат Масалиев мындай пендечиликтен жогору болуп, мамлекет менен элдин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Биз анын басып өткөн өмүр жолунан үлгү алышыбыз керек. Бул инсан биздин жүрөгүбүздө түбөлүк кала берет”,- деди шаар башчысы.
Шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров Абсамат
Масалиев бүткүл өмүрүн элге кызмат кылууга арнап, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, өмүрүнүн аягына чейин бул багытынан тайбагандыгын белгиледи.
Маалымат: Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Ош облусунун Кадамжай районуна караштуу Алыш айылында төрөлүп, 2004-жылы 31-июлда дүйнөдөн кайткан. Ал белгилүү саясый, мамлекеттик жана партиялык ишмер болгон. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан Компартиясынын БК биринчи катчысы болгон.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter