10 апреля 2013, 09:53

Франция сенаты бир жыныстуулардын никеге туруусуна жол берди

Франция сенаты бир жыныстуулардын үйлөнүүсүнө жол берген мыйзамдын биринчи беренесин жактырды, деп маалымдайт Le Figaro гезитине таянуу менен РБК.
Мындай чечимге 179 сенатор добуш берип, ал эми 157 палата мүчөсү каршы чыккан. Берене өзгөртүүсүз кабыл алынган.
Франция улуттук жыйынынын Төмөнкү палатасы 2013-жылдын 12-февралында гомосексуалисттерге никеге турууга мүмкүндүк берген мыйзамды жактырган. Кеңири жайылган коомдук нааразычылыктан соң, документке 5 миңден ашуун түзөтүү киргизилген.
Бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу Франция президенти Ф.Олланддын шайлоо алдындагы берген убадаларынын бири эсептелет. Ал гомосексуалисттерге никеге турууга жана бала асырап алууга мүмкүндүк берүүнү убадалаган эле. 
Мындай жаңылык 2013-жылдын июнунда ишке киргизилет.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter