10 апреля 2013, 10:00

“И.Карамушкина кечирим сурасын” дешет

Ош жана Жалал-Абад облусундагы "Баатыр энелер” президент А.Атамбаевге, өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиевге, Башкы прокурор А.Саляновага, ЖК төрагасы А.Жээнбековго, ЖК депутаттарына кайрылуу жолдошту.  Кайрылууда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина "Баатыр энелерди” "фашист” деп атагандыгы үчүн энелерден кечирим сурашсын, эгерде кечирим сурабаса анда депутаттык мандатын тапшырып кетүүсүн” талап кылышкан.

Өткөндө бул маселе ЖК комитетинде каралганда И.Карамушкина: "... Бардыгына стенограмма күбө... Эгерде силерге ал далил болбосо, мен аны лингвистикалык комиссияга берем. Мен анда "мындай ыкмаларды фашисттер колдонгон” деп айткам. Башка эч нерсе айткан эмесмин” деген. Эмнеси болсо да лингвистикалык комиссиясыбы, башкасыбы бул маселени тезирээк карап, ЖКнын өзү чекит койбосо, аягы ырбап баратат окшоп калды.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter