10 апреля 2013, 10:07

Өмүрбек Бабанов: Атамекенчилер менин жана партиялаштарымдын кадыры күн санап өсүп баратканынан чочулашууда

«Кереге.kg» №10 (74) басылмасынын бүгүнкү санына экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов маек курду. Анда ал «Ата-Мекен» фракциясынын ага карата рейдерлик боюнча айыптоолоруна жооп кайтарды.

Кечээ атамекенчи депутаттар «Кыргызстан» банкынын акционерлери арызданып келүүдө деп, парламентте Өмүрбек Бабанов тарабынан рейдерчилик боюнча маселени кароо талап кылынган.

Бабанов рейдерлик болгон деген айыптарды караманча четке кагып, атамекенчилер менин жана партиялаштарымдын коомдо кадыры күн санап өсүп баратканынан чочугандан асылып атышканын айтты.

Ошондой эле мурунку өкмөт башчы буга чейин партиянын аксакалдары менен жолугушуу болгонун, бирок ал Текебаев, Болот Шер менен да душман эместигин айтты. Айтымында, болгону бул жерде позициялардын күрөшү болууда.

Маегинин аягында Бабанов рейдейчилик айыбы боюнча анын юристтери иш алып барып атканын, айыптоолор боюнча жаш депутат Жоомарт Сапарбаевди сотко берүү мүмкүндүгүн да белгиледи.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter