10 апреля 2013, 10:22

Депутат Э.Исаков Түркия мамлекетинен келген мугалимдер менен жергиликтүү окутуучулардын маяналарынын айырмасын айтып нааразы

Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулап жаткан учурда "Ар-намыс" фракциясынан депутат Эсенгул Исаков Кыргыз-түрк "Манас" университетинде Түркия мамлекетинен келген мугалимдер менен жергиликтүү окутуучулардын маяналарынын айырмасын айтып нааразы пикирин билдирди.

"Мугалимдердин айлыктары асман менен жердей экен. Маселен, Түркиядан келген окутуучулар бекер батир менен камсыз болсо, жергиликтүү мугалимдерге андай шарт түзүлгөн эмес. Мугалимдердин укугу эки тарапка тең бирдей болушу керек", - деди депутат.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Түркия тараптан келген мугалимдерге командировка төлөмдөрү жана буга чейин иштеп келген айлык акысы толук сакталып төлөнүп бериле тургандыгын айтып өттү.

"Айлык маяналарында айырмачылыктар бар. Бирок биздин мугалимдер деле 1000 доллардан кем албайт. Башка университеттерде андай шарт түзүлгөн эмес", - деди ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter